Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

ОБАМА МААРАГА ДЭЭРЛИК ЖЕТТИ


Шейшемби күнү АКШда сенатор Барак Обама демократиялык партиянын президенттикке талапкерлер жарышын утуп алганын жарыялады. Аны атаандашы сенатор Хиллари Клинтон да куттуктады, бирок азырынча конкреттүү чечимин айта элек. Эки штатта өткөн акыркы партиялык ички шайлоону --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/AD0331F5-9FE0-4766-9650-4FF25EC00299.asp Монтанада – Обама, Түштүк Дакотада – Клинтон жеңип алды.

Демократтардын президенттикке талапкери эми ырасмий түрдө эки айдан кийин партиялык курултайда аталат. Ал эми ички партиялык жарыштын тыянагын баарынан озунуп маалымат каражаттары чыгарышты. Алар өздөрү жүргүзгөн эсептерге таянып, Обама тийиштүү сандагы делегаттар менен “суперделегаттардын” колдоосуна жетишкенин кабарлашты. Мунун соңунан Обама өзү да Миннесот штатында жалпы тарапкерлерине кайрылып: “Ушул кечте силердин алдыңарда туруп, демократиялык партиядан Кошмо Штаттарынын президенттигине талапкер болом деп айта алам”, - деп билдирди.

“Америка, биздин мезгил келди, - деп айтты ал. - Өткөн баракты жаап, алдыбызда турган проблемаларга жаңы жигер, жаңы идеялар менен жооп берчү мезгил келди. Биз сүйгөн өлкөгө жаңы багыт сунуш кыла турган мезгил келди”.

Обама партиялаш атаандашын “майышпас каркыны, батылдыгы жана өз ишине берилгендиги менен миллиондогон америкалыктарды шыктандыра алган лидер” деп баалады. Кокус күздө президенттикке шайланып калса, бул жеңиштин чоң үлүшү Хиллари Клинтонго тиешелүү болорун белгилеп, Обама атүгүл аны болочоктогу өз өкмөтүнөн көрүп калышы да ажеп эместигин каңкуулады.

Сенатор Клинтон талапкерлик жарышта Обамага атаандаш болгонуна сыймыктанып, аны “досум” деп атады. Бирок жарыштан чыкканын жарыялаган жок. “Азыр эми маселе мындан ары эмне кылыш керек – ушунда турат,-деп айтты Хиллари. – Партиянын таламдарын эске алганда, бул оңой маселе эмес. Өнөктүк бу жолу өтө узак болду, ошондуктан бүгүн түнү мен кандайдыр бир чечим кабыл ала койбойм”.

Ошол эле күнү айрым кабарларда Клинтон күздөгү шайлоодо аны демократтар вице-президенттикке көрсөтүшсө макул болорун кыйытты деп айтылган эле. Нью-йорктук сенатор азырынча өз тарапкерлери жана партиялык лидерлер менен кеңешип көрөрүн гана ачык айтты.

Обаманын жеңишине республикачылардын талапкери болгону жаткан сенатор Жон Маккейн да өз мамилесин билдирди. Обаманы ал Жорж Буштун администрациясы сунуш кылган бир катар мыйзам долбоорун колдоп добуш бергени үчүн айыптап, мунун айынан өлкөдө бензиндин баасы өсүп кетти деп ырастады. Мындан тышкары Обама бир жолу да Иракта болбогонун, тышкы саясатта анын чалагайымдыгы байкалганын белгиледи.

Маккейнге жооп кайтарып, Обама республикачыл сенатор былтыр эле Буштун бардык позициясынын 95 процентин колдогонун эске салды жана Иракка байланыштуу ал эч кандай реалдуу өзгөрүштөрдү сунуш кыла албай турганын эскертти. “Маккейн Ирактагы саясатты улантканга убада берип, биздин аскерлерден баарын сурап, ал эми ирак саясатчыларынан эчтеме талап кыла албай жаткан соң эчтеме өзгөрбөйт”,- деп айтты Обама.

XS
SM
MD
LG