Миңбулак айылынын тургуну, мектеп бүтүрүүчүсү Дастан 31-майдагы селди эч качан унутпайт:
- Үйдө отурганда кошуна келип сел жүрүп атат деди. Барсак, суу чоң кирип атыптыр. Кошунаныкына баратып 4-5 метрдей актым, анан арыктагы зымды кармап калдым.
Айылдын жашоочусу Өзүбек Усубалиев нанга деген акыркы буудайынан айрылып отурат:
- Бизде аябай кырсык болуп, сел алды. Тегирменге түшкөн 500 кг. буудайды алып келип койсом баарын тең сел агызып кетиптир. Ун кыбат болсо, жашоо кандай болот билбейм.
Бул айылдын тегирменине чогулган 2 тонна буудай да керектен чыккан. Электр энергиясын үнөмдөп свет өчүп, тегирменге ушунча буудай чогулган экен. Миңбулак айылынын 9 чакырым каналы жети жеринен бузулган, аны оңдобосок башка жер суусуз калат, дейт Миңбулак айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Өмүралиев:
- Губернатор Өмүрбек Субаналиев милдет коюп атат, бир жуманын ичинде каналды калыбына келтирип, 320 гектарга эл көчмөк, ошол жерге сууну жеткирип бергенге. Элди мобилизовать этип атабыз. Андан сырткары каналды ремонтоо үчүн райондук УОЗ смета иштеп чыкты, каналды ордуна келтирүү үчүн 1 млн. 300 миң сомдун жумушу аткарылыш керек.
Нарын облустук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобек Шоңкоев селдин жалпы зыяны боюнча буларга токтолду:
- Райондук комиссия тарабынан 3 млн. 300 миң сомдой керек экени аныкталды. Суу каптап кеткен үйлөрдү, турак жайларды Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы жеринде тактап чыгып, 45-50 үй шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн көзөмөлүнө алынган, 9 үй авариялык абалда деп табылган. Бирок бүгүнкү күндө кайрадан элдин арыз-даттануусунун негизинде комиссия жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Каналды оңдоо боюнча проблемалар бар:
- Техника жана киши баралбаган жерге тазалоо иштерин жүргүзүп атабыз. Негизинен бул маселени чечүүдө техника жана май маселеси чечилбей атат. Анын үстүнө ал жерге объемдук сетка түзүш керек экен. 100 даана объемдук сетка деп комиссия аныктап чыкты. Биз бул боюнча министрликке губернатордун наамынан, өзүбүздүн бөлүмдүн атынан кат даярдап жөнөттүк.
Токтобек Шоңкоевдин айтымында, буга чейин сел болору эскертилип, каналдарды тазалоо тууралуу милдеттеме берилген. “Бул түздөн-түз айыл өкмөтүнүн күнөөсү” дейт Шоңкоев. Ал эми үйү бузулгандар тиешелүү ссудаларын быйыл өкмөттөн ала алышпайт:
- 9 үйбүлөнүн тизмесин биз губернатордун бекитүүсү менен министрликке жөнөтөбүз. 9 авариялуу үйгө ссуда алуучулардын тизмесине кошот деген министрликтен буйрук болду. Муну даярдап атабыз. Бирок быйылкы жылга пландашылбайт, 2009-жылы болот.