КМШ өлкөлөрүнүн 5-6-июнда Санкт-Петербургда өтчү саммити учурунда Грузия президенти Саакашвили менен Орусия президенти Медведевдин көптөн күтүлүп жаткан кездешүүсү болот. Саясый байкоочулар бул сүйлөшүү Саакашвили мурдакы президент Путин менен болгон сүйлөшүүлөргө караганда жылуу маанайда өтөбү деп күтүшүүдө.
Эки лидердин 3-июндагы телефондон сүйлөшүүсү, ырасмий Тбилисинин билдиришинче, «достук» мүнөздө өткөн. Болбосо, анда өтө талуу маселе - Грузиянын бийлигин тааныбаган Абхазияга темир жолду оңдоого Орусиянын 400 аскерди жөнөтүүсү да талкууланган болчу.
Бул чечим коогалуу аймакта орусиялык тынчтык күчтөрүн кармоо боюнча жоболорго каршы келет. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Скеффер шейшемби күнү Ройтерс агенттигине берген интервьюда Абхазияга кошумча аскер киргизүү Грузиянын бүтүндүгүнө шек келтирерин сыпаа эскертип, Москваны аларды чыгарып кетүүгө чакырды:
-Грузиндерден уруксат сурашкан эмес. Алар, албетте, уруксат берген эмес. Алар уруксат бербейт. Ошон үчүн, муну Орусиянын абалды курчутуусу деп атаса болот. Орусия абалды мурдакы калыбына келтириши керек деп ойлойм жана ар бир адам тынч болуп, сабырдуулук көрсөтүш керек. Грузиндер буга чейин сабырдуулук көрсөттү. Анысы үчүн ыраазылык билдирем.
Россиялык аскерлер Абхазия аркылуу өтчү темир жолду оңдоп, бар тараптар үчүн пайдалуу ишти бүткөрөрүн, алар Абхаз темир жолун калбына келтирүү жөнүндөгү Москва-Тбилиси кол койгон 2003-жылкы келишимге ылайык жөнөтүлгөнүн айтууда. Тбилиси аталган келишимде аскерлерди же аскерий бөлүктөрдү пайдалануу жөнүндө сөз жок дейт. Грузиянын кайра биригүү боюнча министри Темур Якобашвили Абхазияга аскер киргизүүнү орток чечим катары бетке тутуу натуура экенин билдирди:
-Орусия курулуш иштерин жүргүзүү, анын ичинде темир жолду оңдоо үчүн аскерий бөлүктөрдү киргизүүгө Грузиянын уруксат бергенин тастыктаган бир да келишимди айта албайт… Орусиялык инженерлик күчтөр Грузиянын жерине мыйзамсыз кирген жана токтоосуз чыгып кетиши шарт.
Москвага ыктаган Абхазиянын өкмөтү темир жолду калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө эч кандай баскынчылык жок деп эсептейт.
Грузин жетекчилиги инженердик бөлүккө кошо Абхазиядагы орусиялык тынчтык аскерлеринин да чыгып кетишин талап кылууда. Алардын мындай аракетин Евробиримдик жана АКШ колдоп жатат.