Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

ТҮРКИЯДА МУФТИЯТ ТАЛИБДЕРДИН ЖОЛОЮНА ТҮШТҮБҮ?


Түркияда өкмөт алдындагы дин иштери боюнча комитет бар. Бул комитет "Динает" деп аталат жана ал Кыргызстандагы башкы муфтият өңдөнгөн мекеме. Анын милдети мечиттерге имамдарды дайындап, жума намазда талкуулануучу маселелердин мазмунун аныктоо болуп саналат. Секулярдуу өлкөдөгү бул мамлекеттик орган жакында эркектердин делебесин козгобош үчүн аялдар өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу макала жарыялады. Мамлекет менен диндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/02/731620A7-7A0F-4232-A717-CFB36979AEE4.asp бөлөк болушун жактаган секуляристтер да, аялдардын укугун коргогон феминисттер да бул макалада айтылган сунуштарды айыптап, айрымдар ал сунуштарды аялдарга каршы зордук-зомбулук катары баалашты.

"Аялдын делебени козгой турган сапаттары бар, ошондуктан ал өзүнө сак болушу керек. Ал дене түзүлүшүн жашыргандай жабуу жамынып жүрүшү милдет".

Түркиянын мамлекеттик дин комитети түрк аялдарына мына ушундай кеп-кеңештерин өткөн аптада өзүнүн интернет сайтында жарыялады. Макала "Сексуалдык жашоо" деп аталды. Анда аялдар эркектер туура эмес түшүнүп албагыдай жүрүшү керектиги эскертилет.

Мусулман аялдар жана алардын жүрүм-туруму тууралуу ар кыл эскертүүлөрдү Динает комитети такай жарыялап турат. Бирок Динаеттин бул жолку "Сексуалдык жашоо" макаласы түрк секуляристтери менен феминисттердин ачуусуна өзгөчө тийди. Алар кыз-келиндердин эркектер менен тамашалашын жана кыз-жигиттин сүйлөшкөнүн "ала жипти аттагандык" деп бааланышын айрыкча сынга алышты.

Динден ажырым саясатты колдогон "Төркиш Дейли Ньюс" гезитинин баяндамачысы Юсуф Канли Динаеттин аялдарга карата мамилесин оогандык талибдердикине салыштырды:

- Атыр себинген – күнөө экен. Тамашалашкан жупунулукка жатпайт экен. Аял менен эркектин көчөдө чогуу басканы - күнөө экен. Бул эмнени билдирет? Бул Ооганстанда талибдер орноткон тартиптин өзү эмеспи?!

Динает комитети 1924-жылы түзүлгөн. Ал Түркиядагы 80 миң чакты мечиттин ишин көзөмөлдөп, имамдарды бекиткен жана жума намаздардын мазмунун аныктаган таасирлүү орган болуп саналат.

Түркияда соңку жылдары исламдык кайра жаралуунун белгилери даана байкалууда. Бирок өлкөдө 2002-жылы түпкүлүгү исламчыл АК партиясы бийликке келгенден бери бул багыт айрыкча күч алды.

Баяндамачы Канли «Азаттык» үналгысына мамлекеттик органдын аялдарга экинчи сорттогу адамдардай текебер мамиле жасашына ишене албай тургандыгын жашырган жок. "85 жылдан берки секуляризмден кийин ушуну көрмөк белек?" деп суроо салды ал.

Ал эми "Сингл Евка – 2" деп аталган аялдардын маданий уюмунун жетекчиси Кизбес Айдин Динает комитетинин аялдар менен эркектерди бири-бирине жолотпоого берген кеп-кеңешин "аялдарга каршы зордук-зомбулук" деп мүнөздөдү.

Өз укуктарын коргоо үчүн мусулман аялдар исламды жакшы билиши керек, себеби теократиялык же бийликте молдолор отурган өлкөлөрдө мыйзамдар куран, шарият жана башка хадис, исламдык мыйзамдар менен гана аныкталат. Бирок Түркия азырынча секулярдык мамлекет. Ошентсе да, мамлекеттен айлык алган түрк молдолорунун "атыр себинген күнөө" деген ырастоосуна дин изилдөөчүсүнүн пикирин билсек. Нахде Бозкурт - Анкара Университетинин дин боюнча профессору. Ал «Азаттыкка» буларды айтты:

- Бүгүнкү заманда жашаган аял катары мен жакшы жыттаныш үчүн атыр себинем. Бирок Исламда да жакшы жыттанып туруш өтө маанилүү деп саналат.

Имам Ат-Термези жазып калтырган хадисте "атыр себинүү - мусулмандардын парзы" деп айтылат.

Профессор Бозкурттун сөзү боюнча, мусулмандардын пайгамбары Мухаммед аялдарга сыртта жүргөндө атыр себингенге тыюу салганы чын болгон күндө да, бүгүн Мухаммед жашап өткөн 7-кылымдагы социалдык, саясий жана маданий шарттарды эсепке алуу зарыл.
XS
SM
MD
LG