Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Туристтик сезондо жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат


”Жайкы эс алуу мезгилинде чет өлкөлөрдөн келчү туристтердин коопсуздугун жана жол эрежелерин сактоону камсыз кылабыз” дешет Ички иштер министрлигинин жетекчилери. Ошондуктан милиция жана МАИ кызматы жайкы туристтик сезонго карата бардык тиешелүү даярдыктар көрүүдө. Ал эми Ысыккөлгө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/3E6FC2C6-5494-4323-A30A-72C0152C4FF8.asp эс алууга келген туристтерди обу жок текшерүү, МАИ кызматкерлери негизсиз айып салуулары менен өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирип жатканын жергиликтүү калктын өкүлдөрү айтып, сынга алып жүрүшөт.

4-июндагы маалымат жыйынында өлкөнүн МАИ кызматынын жетекчиси Болотбек Борбиевдин билдиргенине караганда жайкы туристтик сезонго карата бардык тиешелүү даярдыктар көрүлдү. Автожолдордо жана МАИ түйүндөрүндө жол коопсуздугуна жана МАИ кызматкерлеринин ишине байланыштуу суроо-талаптар үчүн ИИМ МАИ кызматынын ишеним телефондору жазылган атайын маалыматтык тактайчалары илинген.

- Жайкы эс алуу мезгилинде автоунаалар негизсиз токтотулбайт, жол эрежелерин бузган учурда гана МАИ кызматкери токтотууга укуктуу. Эгерде негизсиз токтотуп, айып салса ишеним телефону аркылуу билдирсеңиздер, сөзсүз текшерилип, МАИ кызматкерлерине чара көрүлөт, - деп кошумчалады Болотбек Борбиев.

Ысыккөл жээгиндеги эс алууну тиешелүү деңгээлде коопсуз өткөрүү үчүн аймакта Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаардык милиция башкармасынын атчан взводдору кызмат өтөйт. Жайкы эс алуу мезгилинде Ысыккөл облустук ички иштер башкармасынын 200дөн ашуун кызматкери ар күн сайын көл жээгинде күзөт кылып, коопсуздукту камсыз кылуу камылгасында болот.

Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти көзөмөлдөө башкармасынын жетекчиси Усуп Ташкаревдин айтымында, коопсуздукту сактоо үчүн көмөкчү күч, жардам катары көл тарапка ИИМ академиясынын курсанттарын жана офицерлерин жиберүү максатка ылайык деп табылган.

Ал эми ИИМдин паспорттук виза башкармасынын жетекчиси Эркин Арапбаевдин айтымында, паспорт жана визалык көзөмөл кызматынын кызматкерлерине чет элдик кардарларга, туристтерге ийкемдүүлүк жана меймандостук менен мамиле кылуу милдеттендирилди.

“Менин милициям мени коргойт” демекчи, коомчулукта милиция жана МАИ кызматкерлери тууралуу ар кыл сын-пикирлер айтылып келатат. Эл арасында дале болсо милицияга ишенбегендер арбын.

- “Себеби жайкы эс алуу убагында МАИнин айрым кызматкерлери чет өлкөлүк туристтердин автоунааларын негизсиз токтотуп, айып салып, орой мамиле кылышкан учурлары кездешет, - дейт көлдүк Кадырбек Жекшеналиев.

Милиция кызматкерлеринин элге болгон мамилесин өзгөртүү, жайкы туристтик сезондо коопсуздукту камсыз кылуу – бул ИИМдин негизги максаттарынын бири. Бирок бул максат канчалык ишке ашат – аны убакыт гана көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG