Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

ОРУСИЯНЫ МИГРАНТТАР САКТАП КАЛАБЫ?


Муса Мураталиев, Москва Маалымат агенттиктеринин жазганына караганда үстүбүздөгү жылдын күз айларынан тартып Москвада эмгек мигранттары --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/9F30C2A4-3499-4D48-B2EF-D7F56B729A40.asp үчүн электрондук «меймандар картасы» киргизилет. Москванын жетекчилиги бул иш издеп келгендердин өздөрүнүн жанынын амандыгы үчүн керек деп эсептейт. Ошону менен катар электрондук карта киргизүү менен чет элдик миграциялык кыймылды көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк ачылары айтылат.

Орусияга жумуш издеп КМШ өлкөлөрүнөн, айрыкча Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Молдова өлкөлөрүнөн келген жарандардын аягы дагы эле токтой элек. Өлкөнүн федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановскийдин айтымында, жыл сайын Орусияга иш издеп келгендер эсеби 20 миллиондон ашат.

Мындай көрүнүштү айрым байкоочулар “элибиздин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат. Себеби мигранттар маскөөлүк доктурларды, мугалимдерди, профессорлорду, чиновниктерди пара алганга үйрөтүштү. Мигранттар өз ишин жалаң пара берүү жолу менен бүтүрүп жүрүп аткаминерлерибизди жаман адатка үйрөтүштү”, десе, айрымдары “Орусияны эл кылып калуучу – мигранттар” деген пикирде.

“Азаттык” үналгысы эмгек мигранттарынын жашоо-тирчилигине байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым жана атайын элчиси Райымкул Аттокуровду кепке татты.

“Азаттык”: - Райымкул мырза, айрым булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Моңолбаева Лира атту карындашыбызды бул жерде кимдир бирөөлөр бычактап кеткен экен. Ушул тууралуу кабар бере кетсеңиз?

Райымкул Аттокуров:- Бул кайгылуу окуя 2-июнь түнү Москва шаарынын “Текстильщики” административдик округунда орун алды. Ал жерден биздин 19 жаштагы жараныбыз жарадар болуптур деген кабар келди. Ошол эле замат ал округдун ички иштер башкармасынын жетекчиси Юрий Подбельский менен байланышып, маалымат алдык. Ооруканага биздин жаран Моңолбаева Лира түшкөнү дайын болду. Көрсө ошол түнү, төрт жыл чогуу жашап, февраль айында ажырашып кеткен мурдагы күйөөсү Эрнест Бечелов анын үйүнө келген экен. Ошол бычактап койгон көрүнөт... Жардамыбызды көрсөттүк. Азыр ал ооруканада. Күйөөсүн кармаша элек.

“Азаттык”: -Келин жакшы болуп кеткидейби?

Райымкул Аттокуров:- Жакшы болуп кетет. Тамак ичип калды.

“Азаттык”: -Дагы бир кеп... Кечээ Арбат көчөсүнүн жанынан дагы кыргыз уланга бычак уруу болуптур дешет...

Райымкул Аттокуров:- Арбат көчөлөрүнүн биринде эртең менен ишине баратканда бир жараныбызды кимдир бирөө артынан келип тамеки сураганбы, акчы бер дегенби, иши кылып бычак менен сайып кетиптир. Жарасы анча оор эмес.

“Азаттык”: -Кыргызстандан келип жаткан эмгек мигранттардын коопсуздугу кандай абалда?

Райымкул Аттокуров:- Январь, февраль айлар ичинде биздин жарандарыбыз көп кайгылуу окуяларга дуушар болушту эле. Ошол себептүү биз жогорку деңгээлде кайрылуу жазганбыз, нота аркылуу кайрылганбыз. Ошондон кийин атуулдарыбыздын кайгылуу окуяларга туш болуусу абдан азайды. Бул биз үчүн кубанычтуу көрүнүш...

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.

Орусия жумушчу күчкө муктаж экени улам айкын болууда. Москванын бийлиги алгачкы жолу келгендер үчүн ичине атайын чип орнотулган электрондук карточка киргизмек болуп атат. Бул тууралуу “Азатыкка” Москва шаардык төбөлдөр бири Евгений Черенцов билдирди:

-Андай карточкалар менен камсыз болгондон соң, айталы, Тажикстан же Кыргызстандын миграциялык кызматы ошол жактан эле өз жумушчусунун кайсы жерде жүргөнүн, кантип жашап атканын, орусиялык тарап берген убадасын аткарып атабы же жокпу дайыма билип туралат.

Орусиянын көч башындагы маселесине айланган элинин санына келсек, статистикага ылайык, бул өлкөдө ар мүнөт сайын үч бала төрөлүп, төрт киши кайтыш болот. Кытайда ар мүнөт сайын 38 бала төрөлүп, 16 киши өлсө, АКШда 8 бала туулуп, 4 киши кайтыш болуп турат. Европа менен Жапонияда баланын туулушу менен кишинин өлүшү бирдей экен.

Ушул көрүнүштөн улам серепчилер Орусияны жоголуп бараткан эл дешүүдө. Алар Орусияны мигранттар гана сактап калат дешет.

XS
SM
MD
LG