Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

КЫЗДАР БАЛДАРГА КАРАГАНДА ЗИРЕКТҮҮБҮ?


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Деги, ким көбүрөөк акылдуу: уландарбы же кыздарбы? Эзелтен эле көп өлкөлөрдө балдар кыздарга салыштырмалуу математика сыяктуу так илим тармактарында күчтүүрөөк келет деп айтылып келет. Бирок “Илим” журналына жарыяланган жаңы иликтөөгө ылайык, аялдарга мүмкүнчүлүк тең берилген өлкөлөрдө математикалык сабаттуулукта мындай гендердик айырма дээрлик жоюлган, ал түгүл айымдар зирегирээк экени байкалган.

Дүйнөнүн кырк өлкөсүндө математика боюнча тапшырган тестте кыздардын билими балдарга салыштырмалуу 10,5 пайызга төмөнүрөөк экени аныкталган.

Бирок сиз бул өлкөлөрдү бир-бирден алып карап көрсөңүз, кызык табылгаларга эгедер болосуз.

Кыз менен уландын кимиси акылдуу деп иликтөө жүргүзгөндөрдүн бири АКШдагы Түндүк-батыш университеттин профессору Паола Сапьенца (Paola Sapienza) айым “Азаттыктын” кабарчысына мындай деп айтты:

- Аялдар үчүн тең укуктуулук кыйла жогорку сереге чыккан коомдордо кыздар сабакты балдар менен эле тең билээрин аныктадык. Ал эми китеп окуганга келгенде кыздар балдарга караганда алда канча озуп кеткен экен, - дейт Паола Сапьенца.

Адистердин иликтешинче, жыныстык теңчилик жетишилгенине же теңсиздик орун алып жатканына карабастан, бардык эле өлкөлөрдө китеп окуу жаатында кыздар балдарга караганда кыйла артыкчылыгын көрсөтүп келет. Бирок айрым өлкөлөрдө кыздар математикада балдарды кууп эле жетпестен, ал түгүл аларды алда канча озуп да кеткен экен. Маселен, Исландияда математикалык сынактын жыйынтыгында өспүрүм балдарга караганда аларга курбалдаш кыздардын билим деңгээли 14,5 упайга жогору экени айгинеленген.

Аялдарга экономикалык, билимдик жана саясий мүмкүнчүлүктөр эркектерге салыштырмалуу бирдей түзүлгөн Норвегия жана Швеция сыяктуу өлкөлөрдө математикадагы улан-кыздардын билиминдеги айырмачылык дээрлик жоюлган.

Ошол эле маалда аялдардын укугу чектелген өлкөлөрдө кыздардын математикалык билими саал төмөн келери аныкталган. Маселен, Түркияны алсак, кыздардын математикалык жөндөмдүүлүгү балдарга караганда 22,6 баллга азыраак экен. Алардын китеп окуганын көрсөткүчү балдарга караганда жогору болгону менен, маселен Исландиядагы кыздардыкына караганда кыйла төмөн экен.

Өнүккөн өлкөлөрдөгү мындай иликтөө жыйынтыктарына карабастан, Паола Сапьенца эгер балдар менен кыздарга бирдей шартта түзүлгөндө, кыздар балдарга караганда акылдуураак болмок деп бүтүм чыгаруу батынбайт. Анын пикиринде, кыздар уландарга салыштырмалуу үй тапшырмасын аткарууга көбүрөөк убакыт коротушат.

Албетте, ошол эле Түркия менен Исландияда аялдардын билиминдеги айырмачылык алар үчүн түзүлгөн социалдык шарттардын айырмачылыгы менен эле мүнөздөлүп чектелбейт. Паола Сапьенца алардын иликтөөсүндө башка дагы факторлор эске алынганын белгилейт. Ага ылайык, чамасы, өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнүн жогорку көрсөткүчү деле кыздар тапшырган тест жыйынтыгына таасир бербейт окшойт.

Мисалы Италияны алалы. Бул өлкөнүн экономикасы өнүккөн деп эсептелет. Бирок гендердик теңчилик жетишээрлик камсыз кылынбагандыктан, италиялык кыздардын математикалык сабаты пост-коммунисттик Сербия же Польшага салыштырмалуу азыраак.

Айрым өлкөлөрдө кыздар математикалык жөндөмдүүлүгү боюнча эркек балдардан эч калышпай ат салышкан менен, математик же инженер кесибин чанда гана тандап алат. Иликтөөчү Паола Сапьенца айым ушундан улам кыздардын жөндөмдүүлүн эле эмес, алардын ой-мүдөөсүн жана артыкчылык берген жагдайларын да эске алуу керек деген пикирде:

- Аталган айрым коомдордо математикалык билим жаатында аялдар эркектердей эле же алардан да жогору шыгы бар. Бирок биз айымдар эмне кааларын айта албайбыз да. Балким алар башка тармактарда карьера жасагысы келээр.

Паола Сапьенцанын маалымдашынча, бул иликтөөгө 15 жаштагы улан-кыздардын тест жыйынтыктары алынган. Адисттердин айтымында, дал ушул куракта математикалык билимдеги гендердик айырмачылыктар өзгөчө байкалат.

Баштапкы класстарда балдар менен кыздардын математиканы өздөштүрүүүдөгү айырмачылыгын айгинелеген эч бир далил жок. Бирок эмне үчүн жетилген куракта айымдардын математикага мамилеси кескин өзгөрөт, бул тууралуу окумуштууларда алигиче бирдей пикир жок.

XS
SM
MD
LG