Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

14:25 Өкмөт башчы түштүктөгү акыбал тууралуу мамлекет башчыга маалымат берди


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн мамлекет башчынын кабыл алуусунда болуп, эки күн мурунку түштүккө болгон иш сапары тууралуу маалымдады. Өкмөт башчынын айтуусунда ал иш сапар учурунда кыш мезгилинде жер титирөөдөн жабыркаган орто мектептердин курулушу менен таанышып, бул курулуштар үчүн архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик берген смета өтө эле жогору болуп калгандыгы тууралуу эскертүү берген. Мындан тышкары жакында сел кырсыгынан жабыркаган Кадамжай районундагы сел жууп кеткен көпүрөнүн ордуна Сох дарыясына 59 метр узундуктагы жаңы көпүрө 31-августка чейин курулмакчы. Өкмөт башчынын маалыматын уккан президент мектептердин курулушунун кымбат баага көрсөтүлүп жаткандыгы жооптуу ишке жатарын айтып, бул маселе боюнча тыкыр иликтөөнү тапшырды. “Мектептер мурда белгиленген мөөнөтүнө бүткөрүлүүсү тийиш,”-деди мамлекет башчы Курманбек Бакиев. Мындан тышкары президент эгин оруп жыюуну жана күздүк айдоону жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын айтып, бул маселеге катуу көзөмөл кылуусун өкмөт башчыга тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG