Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

16:02 Президент Куралдуу Күчтөрдү реформалоо жөнүндө Жарлыкка кол койду


Жарлыкка ылайык, өлкөнүн коргонуу кудуретин күчөтүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн аскердик жана экономикалык негиздүүлүккө ылайык реформалоо, ошондой эле алардын материалдык-техникалык жана кадрдык потенциалын чындоо максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ведомстволор аралык комиссияга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча Концепциянын долбоорун үч айлык мөөнөттө бекитүү иши тапшырылды. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо 2010-жылга карата аяктамакчы жана ушул мезгил ичинде бардык мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык комиссиянын алдында турган милдеттерин турмушка ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү тапшырылды. Бул Жарлыктын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлдү. (Kch)

XS
SM
MD
LG