Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Орусиянын Абхазиядагы бейпилдик күчтөрү мындан ары бейтарап деп эсептелинбейт


Мына ушундай резолюцияны бүгүн Европа парламенти кабыл алды. Документте белгиленгендей, Орусиянын Абхазияда турган эки жарым миң жоокери "бейтарап жана калыс бейпилдик күчтөрү деген макамын жоготту". Ал эми Абхазияга өткөн аптада кошумча жиберилген орусиялык үч жүз аскер чыгарылышы керек. Орусиянын ырастоосунда, ал аскерлер 2014 – жылкы кышкы Олимпиада өтүүчү Сочи шаарын көздөй кеткен темир жолду оңдоо үчүн жөнөтүлгөн. Грузин өкмөтү болсо Москваны абхаз жикчилерин колдоп жатканы үчүн айыптап келүүдө.

XS
SM
MD
LG