Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

АКШ: АДАМДАРДЫ КУЛЧУЛУККА САТКАН АНА БАШЫ КЫЛМЫШКЕРЛЕР ЭРКИН ЖҮРӨТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Шаршембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти адамдарды тымызын сатуу көйгөйүн иликтеген кезектеги баяндасын жарыялады. Бул баяндамада көрсөтүлгөн фактыларга карап, эми Кошмо Штаттары адам сатуу кылмышы менен күрөшүүгө жетишээрлик чара көрбөгөн өлкөлөрдүн бийлигине карата ар кыл чектөө киргизүү сыяктуу чараларды иштеп чыга алат. Иликтөөгө алынган мамлекеттер бул жааттагы аракеттерине ылайык үч баскычка жайгаштырылган. Биринчи топтогулар – мыкты иш жасап жаткан өлкөлөр, үчүнчү топтогулар – жарамсыз иш жасап жаткандар.

Иликтөөгө баш-аягы жүз жетимиш мамлекет тартылган. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс мындай баяндаманы Кошмо Штаттардын өкмөтү 2000-жылдан бери иликтеп жарыялап келаткандыгын жана көптөгөн мамлекеттер адам сатуу кылмышына каршы күрөшкө өтө олуттуу мамиле жасай баштаганын баса белгиледи. Райс айым адам сатуу кылмышынын дүйнөлүк мүнөзгө ээ болуп жатышын тынчсыздануу менен айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы дүйнө өкмөттөрү бул көйгөйдү чечүүгө бир топ аракеттерди жасап жатканы менен маселенин дагы башка жагымсыз өңүттөрү айгинеленип жатканына токтолду. Адам сатууга кынык алгандар ар дайым миң түркүн айла таап, жазаланбай калууга аракеттенип келет. Түштүк-Чыгыш Европа, Индия, Кытай жана Филиппин сыяктуу өлкөлөр кулчулуктун курмандыктары арбын аймактар катары кала берүүдө.

Бирок 21-кылымда кылмышкерлерди издеп табуунун ыкмалары жакшы өнүккөн мамлекеттерде деле көптөгөн кылмышкерлер жазаланбай эркиндикте жүрүшкөнүн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс мындайча айтты:

- Бул баяндамада биз биринчи жолу соттук териштирүүлөрдү иликтеп, өтө кооптондура турган жагдайларды ачтык. Көп эле өлкөлөрдө секс кулчулугуна саткандарды сот аркылуу жазалаганы менен кара жумуш үчүн адамдарды сатып алып, эмгегин пайдаланган экинчи деңгээлдеги зулум кылмышкерлер дээрлик жазаланбай калат экен. Биз муну олуттуу ката деп эсептейбиз жана биз күч-аракетибизди андан ары улантып, биз жана биздин шериктер мындай кылмыштарга карата укуктук жактан калбаат жооп беришибиз керектигин эстен чыгарбашыбыз керек.

Адистердин айтымында, дагы бир көңүл бурчу жагдай - кулчулукка сатылган адамдарга алгачкы ирет башпаанек берип келген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул кылмыштын курмандыктары менен иш алып барууда тажрыйбасыз болуп жаткандыгы.

Мисалы, адистердин айтымында, секс кулчулугунан жабыркагандарды бейөкмөт уюмдар убактылуу башкалкалатып, биринчи жолку колдоолорду көрсөткөнү менен жабыр тарткандардын денсоолугу дурустап каралбай калган учурлар кездешкен.

Баяндамага ылайык, Иран жана башка Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөр көрсөткүчтөрдүн үчүнчү баскычына жайгаштырылган. Ал арада Өзбекстан адам сатууга каршы күрөшү саал жакшырган төрт мамлекеттин катарына кирген. Мурда Өзбекстан үчүнчү баскычта эле. Европанын бир катар түштүк жана түштүк-чыгыш өлкөлөрү - экинчи топко кирет. Борбордук Азия өлкөлөрү да өтө жакшы эмес жана анча жаман эместердин курамына кошулган.

Өткөн жумада Бириккен Улуттар Уюму Балкан өлкөлөрүндө адам сатуу менен байланышкан кырдаал Батыш Европага салыштырмалуу жакшырганын билдирген. Бирок Балкан аймагында жана пост-советтик Молдовада бул көйгөй дагы эле тынчсыздантат, дейт АКШнын мамлекеттик департаментинин адам сатууга каршы күрөш боюнча бөлүмүнүн өкүлү Марк Лэйгон:

- Молдова өкмөтү адам сатуу менен байланышкан коррупцияны иликтөөдөн баш тарткандан кийин биринчи жолу бул өлкө үчүнчү баскычка түшүп калды. Бул кылмышка өлкөнүн жогорку даражадагы аткаминерлери аралашкан бир нече учур катталган эле. Бул баш тартуу өз кезегинде өкмөттүн адам сатууга каршы күрөшүнө олуттуу таасир этти.

Лэйгон АКШ Мамлекеттик департаменти Молдованын жаңы өкмөтү паракорчулукка баткан аткаминерлерин жазалап бул жааттагы кырдаалды өзгөртөт деп ишенип турганын айтты. Акыбал оңдолгонго чейин Молдова америкалык айрым каржылык колдоодон убактылуу кол жуушу ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG