Концертке келген ыр күйөрмандары 8 ырчы кыздын өнөрүнө күбө болушат. Ырчылар буга чейин ар бири өз-өзүнчө концерттерди берип келген болушса, бул жолу жаңылык киргизели деп чечишкен.
Белгилүү ырчы Гүлзат Байзакованын айтымында, бул концертке жарым жылдан бери даярданышууда.
-Жарым жылдан бери чогуу жүрөбүз. Эртең менен жолугабыз, кечке чейин ыр жаздырып, башка жумуштарын бүтүрүп кечинде үйлөрүбүзгө жөнөйбүз. Өзгөчө концерт болсун деп, атайын шаардык театрдан режиссер да жалдадык.
Кеченин биринчи бөлүгүндө ырчы кыздар “Камбаркан” фольклордук этнографиялык тобунун коштоосунда эл ичинде ырдалган эски чыгармаларды аткарышат. Экинчи бөлүгүндө эстрадалык ырларга кайрылышат. Концерттин жүрүшүндө ошондой эле ырчылар бир сахнада түрдүү үндөргө бөлүшүп, хорлорду ырдашат. Мисалы Адылбек Кыязовдун обонуна жазылган “Досторго” деген чыгармасын Муса Баетовдун “Кыздарай”, Токон Эшпаевдин “Ак тилек” деген композицияларын аткарышат.
Концерттин көрүүчүлөрү ошондой эле ырчылардын жеке аткаруусундагы ырларды да тыңдашат. Ал эми ал чыгармалардын баары буга чейин ырдалбаган жаңы композициялар.
-Буга чейин ар бирибиз өз өзүнчө жеке концерттерди уюштуруп келгенбиз. Бир жагынан уюштуруу иштерине, экинчи жагынан чыгармаларыбызды жаздырып чуркачубуз. Бул жолу андай кыйынчылыктар сезилген жок, - дешет ырчылар.
Эки күнгө созулган бул концерт улуттук телеканал аркылуу жалпы журтка көрсөтүлөт.