Алты оогандык кыргыздын катышуусунда өтө турган бул талкууну антропология илимдеринин доктору, Борбор Азиядагы Америка университетинин Социалдык изилдөөлөр борборунун мурдагы кызматкери Тед Каллахан ачат. Кыргызстанга келген оогандык кыргыздар Нарын, Ысыккөл аймактарын кыдырып келишти. Ушул тапта мектеп жана медициналык мекемелердин жетишсиздиги, жолдордун начар абалы оогандык кыргыздар үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп келет.(MSu)