Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

К. БАКИЕВ Д. МЕДВЕДЕВ МЕНЕН ЖОЛУККАНЫ КЕТТИ


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Санкт-Петербургга кетти. Санкт-Петербургда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммити, Эл аралык экономикалык 12-Петербург форуму болот. Мындан тышкары президент Бакиев иш сапардын убагында Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев «Азаттыкка» маалымат берди.

-Президент Санкт-Петербургда өтүүчү формалдуу эмес саммитине катышканы баратыптыр. Анда каралуучу маселелерге кыскача токтоло кетсеңиз?

- Ооба бүгүн КР президенти Курманбек Бакиев Санкт-Петербургда өтүүчү КМШнын мамлекет башчыларынын формалдуу эмес саммитине катышат. Өзүңүздөргө белгилүү Кыргызстан бул жылы КМШ мамлекеттеринин төрагасы. Жолугушуунун өзүнүн аты айтып тургандай формалдуу эмес болгондуктан бул КМШ мамлекеттеринин бүгүнкүсү, эртеңкиси, алакасы жана башка багыттарда мамлекет башчылары пикир алышат.

-Негизги маселелер кайсылар болмокчу?

-Эң негизги маселе экономикалык жааттагы кызматташтык багыттары боюнча пикир алмашуу болот.

-Ал эми 12-Петербург эл аралык экономикалык форумунда дагы президент катышат экен. Президент менен кошо кимдер барышат жана ал жерде да кандай маселелер көтөрүлөт?

-Өзүңүздөргө белгилүү Петербургда жай айынын башында өтчү эл аралык экономикалык форум традициялуу болуп калды. Биздин маалыматтар боюнча бул форумдун ишине 9 миңге жакын киши ишкердиктин, мамлекеттик уюмдардын жана башка уюмдардан катышары күтүлүүдө. Бүгүн КМШ мамлекеттеринин формалдык эмес саммитине катышкан мамлекет башчылары эртең ушул экономикалык форумдун ачылышына жана пленардык жыйынына катышат. Пленардык жыйында “Улуттук экономикалык кызыкчылыктар жана башкаруунун глобалдуу институттары” деген темада талкуу жүргөнү жатат. Ушул талкууну ачып Россиянын президенти Дмитрий Медведев сүйлөйт, андан кийин Курманбек Бакиев дагы ушул пленардык отурумда сүйлөшү күтүлүүдө. Биздин мамлекет башчыбыз саясий экономика, демографиялык, бүгүнкү азык-түлүк багытында глобалдык гарантия берчү узак мезгилдерди камтыган биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу багытында сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Мамлекет башчысы менен катары ушул форумдун башка отурумдарында сүйлөө үчүн өкмөт мүчөлөрү, президенттик администрациянын экономика бөлүмдөрүнүн башчылары жана инвестициялык кеңешинин секретары катышары күтүлүүдө.

-Досаалы мырза, мына өлкө башчысы Курманбек Бакиев Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушат деген маалыматтар бар?

- Ооба, эртең ошол форумдун ишинин жүрүшүнүн убагында биздин мамлекет башчыбыз Россиянын президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү багыттары боюнча эки мамлекет башчы пикир алмашышымакчы.

-Сиз дагы бүгүн президент менен жол тартасыздар да, канчада кетесиздер?

-Бүгүн күндүн биринчи жарымында президент Санкт-Петербургга учуп кетет.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG