Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

13:08 Москва районунда Кытай ишканалары расмий уруксаты жок темир иштетүүдө


Бул туурасында аталган аймактын тургуну Сапар Аргынбаев бүгүн «Азаттыкка» кабарлады. «Кытайлардын темир иштетүүчү ишканаларын атайын текшерүүгө алган комиссия, чакан ишканалардын иши талапка жооп бербестигин жана жаратылышка терс таасирин берип жатканын белгилешкен. Айрымдарынын тиешелүү документтери жок экендиги текшерүү маалында анык болгон»,- деди Сапар Аргынбаев. Буга чейин район акими Даукен Аринов «Кытай ишканаларын жабууга чынында күчүм жетпей жатат» деп билдирген болчу. Ал эми губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев ишканалар жакында жабылат деп белгилеген. Жергиликтүү тургундардын белгилешине караганда Москва районунун Петровка, Беловодск жана 1- май айыл өкмөттөрүндө кытайлардын темир ээритүүчү жети ишканасы бар. (JJ)

XS
SM
MD
LG