Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

16:36 “Акыйкат үчүн” кыймылы “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине соттун чечимин айыптады


Кыймылдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынган билдирүүдө бул Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана адам укуктарына каршы келет деп айтылат. Ушуга эле үндөш билдирүүлөр менен буга чейин Социал-демократтар, “Ата мекен”, “Ак шумкар” партиялары, бир катар жарандык уюмдар чыгышкан. Биринчи май райондук соту 2-июнда президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганынын арызынын негизинде аталган эки гезиттин ар бирине 1 млн. сомдон айып салды. Учурда “Де-фактону” коргоо комитети түзүлүп, жер-жерлерде “Бакиевдерге жардам” акциясы өткөрүлүүдө. Нарын шаарында өтүп жаткан мындай акцияга бүгүн жергиликтүү тартип коргоо кызматтары тыюу салгандыгы кабарланды. (BuS)

XS
SM
MD
LG