Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Тиштин сезгениши рак оорусунун кесепетиби?


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Тиш бүйлөлөрүнүн сезгениши адатта тиштин канашы жана анын түшүшү менен коштолот. Бирок жаңы изилдөөлөрдө тиштин сезгениши бара-бара рак илдетине да жол ачаары ыктымал экени айгинеленди.

Тиш догдурлар тишти күнүгө эки жолу тазалаш керектигин дайым эскертип келишет. Эми дарыгерлер рак оорусунун алдын алуу үчүн да тишти өтө таза кармоого үндөшү ыктымал.

“Lancet Oncology” басылмасынын соңку санына чыккан жаңы иликтөөгө караганда, сезгенген тиштер рак илдетинин бардык түрүнүн пайда болуусу үчүн жагымдуу шарттарды 14 пайызга күчөтөт экен. Маселен, тиш бүйлөнүн сезгениши бөйрөк рагынын пайда болушуна 49 пайыздай жагымдуу шарт түзөт жана ашказан жана өпкө рактарынын пайда болушуна 36 пайыздай өбөлгө болот.

Ушул тапта тиш эттеринин сезгениши эмнеге рак оорусун пайда кылат деген суроого окумуштуулардын эки башка жоромолу бар. Биринчисине ылайык, сезгенген тиш бүйлөлөрүндөгү бактериялар кишинин иммунитетин начарлатып, бара-бара денедеги ракка алып келет. Экинчисинде болсо дененин башка бөлүгүнүн жабырлануусунун айынан, маселен рак пайда болгондо, тиш сезгениши ыктымал. Демек, тиш бүйлөнүн сезгениши дененин башка мүчөсүндөгү кеселден кабар берет.

Кыргызстандык тиш дарыгери Асира Жанызакова “Азаттыкка” курган маегинде окумуштуулардын рак пайда болгондо тиш бүйлөлөрү канай баштайт деген жоромолуна кошууларын айтат:

. - Адамда рак оорусу пайда болсо, рак клеткалары адамдын органдарын системаларын бузат. Ошондуктан акыркы стадиясында ошентип бүйлөлөрдөн кан агып, ар кандай ооруларды чакырат дегенге кошула алам. Ал эми адамдын бүйлөөсү канаганда ошондон кирген микробдор ракты чакырат дегенге кошула албайм. Анктени канчалаган адамдар зыяндуу ишканаларда, шахталарда 30-40 жыл иштеп деле андай микробдордун аркасынан рак клеткалары пайда болуп ооруга туш болушкан жок.

Буга чейинки иликтөөлөр тиш бүйлөлөрүнүн сезгениши менен жүрөк, диабет, талма ооруларынын байланышы бар экенин көрсөткөн. 2007-жылдагы изилдөөдө “перидонталдык” деп диагноз коюлчу тиш бүйлө оорулары эркектердин жүрөк оорусун үчтөн бир эсеге, ал эми аялдар арасында эки эсеге көбөйтөөрү маалым болгон. Бул көрүнүш ал түгүл чылым чекпеген аялдар арасында да байкалган. Ошентип, дарыгерлердин ишениминде, тиш этин дарылоо менен адамдын денесиндеги башка оорулардын да алдын алса болот.

Окумуштуулар элүү миңдей эркек кишини 18 жыл ичинде иликтөөгө алган экен. Эми бул жаңы илимий жыйынтыкты аялдардын арасында да кошумча изилдөө аркылуу тастыктоо талап кылынат.
XS
SM
MD
LG