Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

МЕДВЕДЕВ КРИЗИС ҮЧҮН АКШны КҮНӨӨЛӨП, ОРУСИЯНЫН ЖАРДАМЫН СУНУШТАДЫ


Жаңыл Жусупжан, Прага Орусиянын президенти Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/A826E7FB-1C71-4E59-899E-A23356AEF42E.asp глобалдык экономикалык кризис үчүн Кошмо Штаттарын күнөөлөп, аны токтотууга Москванын жардамын сунуш этти. Медведев бүгүн Санкт Петербургда өтүп жаткан Экономикалык форумда чыгып сүйлөдү.

Санкт-Петербургдагы Экономикалык форумду Орусия чет элдик инвесторлорду тартуу максатында жыл сайын өткөрүп келет. Анда сүйлөгөн сөзүндө президент Медведев учурдагы дүйнөлүк финансылык кризиске өз көз карашын мындайча түшүндүрдү:

- Ири финансылык корпорациялардын алдыдагы коркунучтарды тыкат болжолдой албаганына дүйнөдөгү эң ири мамлекеттин ката каржы саясаты кошулуп, корпорацияларды гана чыгымга учуратпастан, тилекке каршы, жер шарындагы элдердин көбү да жардыланды.

Медведев ошондой эле "Кошмо Штаттарынын глобалдык экономикалык системадагы жол көрсөтүүчү ролу менен анын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы чоң айырмачылык учурдагы кризистин башкы себеби болуп жатат" деп ырастады.

Анын айтымында, Орусия өзүнүн энергетика тармагын өркүндөтүү менен глобалдык энергетика коопсуздугун бекемдеп жаткан чакта, анын шериктери биологиялык күйүүчү майга инвестиция салуу менен азык-түлүктүн дүйнөлүк баасын асмандатып жиберди.

Өткөн айда президенттик кызматка келген Медведев Москва азыркы кризисти жеңилдетүүгө жардам берүүгө даяр деп айтты:

-Орусия бүгүн глобалдык оюнчу. Биз дүйнөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти түшүнгөндүктөн, оюндун жаңы эрежелерин жаратууга катышкыбыз келет. Империалисттик максаттар үчүн эмес, мүмкүнчүлүктөрүбүз жана тийиштүү ресурстарыбыз болгон үчүн.

Орусия кезегинде дан азыктарын экспорттогонун эскерткен президент азык-түлүктүн кымбаттыгына байланыштуу Орусия ушул кемтикти толтурууга чамасы жетээрин билдирди. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдан калтырбай ири финансылык ишканалардын жана адистердин катышуусу менен финансылык кризис боюнча эларалык конференция өткөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты.

Ал мындан тышкары Москваны алдуу-күчтүү финансылык борборго, ал эми рублды аймактык резервдик валюталардын бирине айлантуу менен Орусиянын финансылык системасынын күчүн артыруу кепилденээрин белгиледи.

XS
SM
MD
LG