Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Евро-2008: Чехия-Швейцария 1:0


Бүгүн, 7-июнда кечинде Швейцариянын Базел шаарында футбол боюнча Европа чемпионатынын алгачкы оюнунда Чехия менен Швейцариянын улуттук командалары беттешти. Оюндун жыйынтыгында Чехиянын улуттук командасы 1:0 эсеби менен Швейцарияны утуп алды. Футбол боюнча Европа чемпионатын УТРК түз алып көрсөтүп, оюндун жүрүшүн баяндамачылар кыргыз жана орус тилдеринде алып барышты. Жыйырма үч күнгө созулчу мелдеште 4 топко бөлүнгөн 16 улуттук команда күч сынашат. Финалдык баш байге үчүн таймаш болсо 29-июнда Австриянын Вена шаарында өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG