Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

АЗЫК-ТҮЛҮК БААСЫ КҮН САНАП КЫМБАТТАП ЖАТАТ


“Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөктүн кезектеги чыгарылышы азык-түлүккө карата баалардын өсүп --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/508FEBEC-C060-47BA-8823-2E64B5D554E2.asp жатышына арналды.

Үмүтүбүз күзгө калды

Улуттук статистикалык комитети жыл башынан бери Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа 13,9 % өскөндүгүн маалымдоодо. Жаңы жылдан бери жер-жемиштерге болгон баа дээрлик 32,09 % өстү. Ал эми мөмө жемиш 8, 46 %, дан азыктарынын баасы дээрлик 14% кымбаттады.

Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги баалардын асмандашына ички фактор катары жазгы үшүктү эсептөөдө. Быйыл алдын ала берилген маалыматтар үшүктөн 100 миң гектар эгин талаалары жабыр тарткан. Министрлик баалардын көтөрүлүшү күзгө барып токтойт, деп божомолдоодо.

Экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орунбасары Санжар Муканбетов быйылкы орула турган эгинге үмүт чоң болуп жаткандыгын белгилеп, дыйкандарга колдоо катары жана дан тартыштыгынын алдын алуу максатында күзүндө ошол эгинди сатып алууга аракеттер жасалып жаткандыгын “Азаттыкка” билдирген:

-Күзүндө негизги азык-түлүк баалары төмөндөйт, деп үмүттөнүп жатабыз. Алсак биз 13 азыктын бааларына байкоо жүргүзүп жатабыз. Ундун, сүттүн, күрүчтүн, жумуртка жана нандын баалары жогорулабайт. Сүттүн баасы төмөндөйт, деген божомолдор бар.



“Нан жок, чай жок...Наның болсо, май жок...”

Акыркы эки жуманын ичинде ундун баасы 3-5 сомго, эттин баасы 20-30 сомго, күрүчтүн баасы 5-10 сомго, кумшекер 3-5 сомго кымбаттады. Айрым бир пикирлер боюнча кээ бир курулуш материалдарынын баалары аз гана айырмага төмөндөдү. Мунун себебин кайра эле азык-түлүк кымбаттыгына байланыштырган байкоочулар эл кара курсак камын гана ойлоп, башка нерсе сатып алууга кудурети жетпей калды, деп бекемдешүүдө.

Бишкектеги ири базарлардын бири – Ош базарында жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда пикирлер түрдүү болду. Өзүн Жүрсүн Ындыбаева деп тааныштырган сатуучу азык-түлүк бааларынын кымбаттыгы кендирди кесип жаткандыгына кейиди:

-Кымбатчылыкка нааразы эле болуп жатабыз. Ундун баасы 1,5 миң сомго чыкты. Биздин айлык акы, пенсиябыз бир мүшөк ун алып жегенге жетпейт. Бул жерде болсо бир буюмга 30-40 сом кошуп, сатып отурабыз. Көбүрөөк кошсоң өтпөйт.

Анын сөзүнө кошулган дагы бир пенсионер Майрамкүл Мураталиева бийлик эл менен иши болбой калды, деп нааразы:

-Аларга эмне, өздөрүндө баары бар. Жалпы Кыргызстанды сатып алып жатышпайбы. Ушу кыйынчылыктан улам учурда канча миңдеген балдар-кыздар тентип жүрөт. Эми бул жакта калгандар кантип жашайбыз? Көлдүн жээгин, жерди сатып жаткан бийлик жакында кишилерди бирден кармап, сата баштайт окшойт... Деги эле арт жагыбыз туңгуюк.

Буудайдын, айыл чарба азыктарынын кымбаттаганы дыйкандар үчүн жакшы болду, деген пикирлер да болду. Өзүн Бакыт Арабаев деп тааныштырган угарман баа жалпы дүйнөдө өсүп жаткандыгын айтты:

-Тажикстанда бир нан биздин акчага 45 сом болуп атыптыр, бизде 15 сом. Шүгүр дешибиз керек биз. Бааны бийлик атайлап кымбаттаткан жок да. Буудай кымбаттаганы дыйкандарга жакшы болду. Аздыр-көптүр кылган мээнети үчүн акча кармап калышты ошолор. Буга чейин ошо буудай арзан болуп, ит бекер болуп калганы үчүн айдалбай калган эле да. Мына ушинтип баа болуп турса, базарда жүрбөй, айдоо жерлерибизге барып, иштетет элек.



Бирөөгө арзан, бирөөгө кымбат...

Улуттук статистикалык комитети быйыл мөмө-жемиштер 10% чейин кымбаттаганын билдирүүдө. Ушул тапта жаңы бышкан гилас 80 сомдон 150 сомго чейин, өрүк 30 сомдон 80 сомго чейин, алма 50 сомдон 100 сомго чейин сатылууда.

Ал эми гиластын мекени болгон Кадамжай районунун Үчкоргон айылынын багбандары гиласты кызыл кулактар 40-50 сомдон сатып кетип жатышкандыгын айтышат. Өткөн жылы гиласты өндүрүп жаткан Кадамжайда түшүм көңүлдөгүдөй болуп, бир килограммы 140 сомго чейин жеткен болчу. Бирок быйылкы эрте жаздын ысык-суугу гүлдөгөн мөмө дарактарына таасирин тийгизип, айтылуу гиластын түшүмү көңүл жылытаарлык эмес. Учурда гиластын бир килограммы Кадамжайда 50 сомдон араң ашып отурат.

Кадамжай гиластары айрыкча Орусияга ташылат. Өткөн жылы Кадамжайдын Үчкоргон айыл өкмөтү менен Британия, АКШ өлкөлөрүнүн ортосунда гиласты сатып алуу келишимдери түзүлгөн болчу. Бирок бир катар саясий кырдаалдын айынан түзүлгөн келишимдер бузулуп кетти, дейт өз сөзүндө Баткен облустук акимчилигинин экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев:

-Азыр ошол келишимдерди кайра жандандырууга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, ишке ашып калуусу мүмкүн. Учурда гилас бактарынын аянты чонойду. Буга себеп: күндү, сууну жана шамалды сүйгөн гиластын башка мөмө-жемиштерге караганда пайдасы чоң экенин эл түшүнүп калды.

Расмий бийлик баалардын өсүшүн дүйнөлүк базардагы баалардын кымбаттаганына байланыштырып келет. Дүйнөлүк базар демекчи ушул тапта ири дүйнөлүк биржаларда чийки мунай менен алтындын, буудайдын, күрүчтүн баасы кымбат болуп, кээ бир өлкөлөр бул продукцияларды экспортко чыгаруудан баш тартышууда. Алсак Кытай жана Индия өз элине жетпей жаткандыгына байланыштуу күрүчтү сыртка чыгарууга тыюу салууда, ал эми биздин коңшулаш Казакстан сентябрь айына чейин буудай менен күйүүчү майды эркин экспорттоого уруксат бербей келет.

Айрым адистердин айтуусунда, кыргыз бийлиги да колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өз керектөөчүлөрүнүн укугун коргоп калууга аракет кылууга тийиш. Бул үчүн атайын азык-түлүк программалары түзүлүп, мамлекет алардын ишке ашуусуна катуу көңүл буруусу зарыл.

Кабарларда айтылгандай, 6-июнда парламент буудай дандарын, өсүмдүк, күнкарама майын тышка ташууга бажылык убактылуу салыкты киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомун талкуулап, кабыл алды. Депутаттар ошондой эле күрүчтү жана кумшекерди да тышка ташууга убактылуу бажы салыгын киргизүү боюнча Экономика министрлигине тапшырма берди. Экономика министри Акылбек Жапаровдун белгилөөсү боюнча мындай зарылчылык - азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу - Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн арзан баада үчүнчү өлкөлөргө ташылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн жасалып жатат.

Замира Кожобаева, Бишкек
Сабыр Абдымомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG