Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты бул жумадан тарта Кыргызстандын облустарына болгон гастролун баштайт. Артистерди “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамбли коштойт. Мындан сырткары “Алымкул Үсөнбаев” атындагы эл шайырлар” жана “Эл ырчысы Эстебес” топтору бар. Филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаевдин билдиргенине караганда концерттердин кирүү акысы бекер.

Орус улуттук драма театрынын артистери бул жумада Мар Байжиевдин чыгармасына коюлган “Кыз күйөө” спектаклин тартуулашат. Бул чыгарма туурасында автор мындай дейт.

-Бул чыгарма 92-жылдары эле жазылган. Андан бери бир канча тилдерге коюлуп, театрларда коюлду. Бул жолу орус драма театрынын артистери кайрылышты. Чыгармада негизинен жаштардын сүйүүсү, уруш-талашы, бүгүнкү учурдун окуялары чагылдырылат

Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда бул жумада Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде коюлган “Эсимде” аттуу спектакль көрсөтүлөт. Бул оюнду казак эл артисти Бекбулат Парманов койгон. Спектаклде башкы роль Толгонайдын образын кыргыз эл артисти Гүлайым Каниметова жаратат.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде немец сүрөтчүсү Гудрун Криппнердин “Кыргызстанга көз караш, көз ирмемдер” аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн 100дөн ашуун фотосүрөттөрү бар. Бул көргөзмө менен катар эле улуттук музейде кыргыз эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылды. Анда 12 эл сүрөтчүсүнүн ар кыл темада, түрдүү жанрда иштелген эмгектери коюлган.

Мамлекеттик тарых музейинде “Байыркы Кыргызстандын алтындары” аттуу көргөзмө өтүүдө. Бул экспозицияга Кыргызстандын аймактарынан табылган, тарыхкка байланыштуу алтын буюмдар коюлган.
XS
SM
MD
LG