Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

“ЖЕТИ ТҮС” ФИРМАСЫ ОШ ШААРДЫК МИЛИЦИЯСЫН СОТКО БЕРДИ


Ишкер, “Жети түс” фирмасынын директору Аманбай Сатибаев Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан ири өлчөмдөгү моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү өтүнүүдө. Ал эми экинчи тарап – шаардык милиция Сатибаевдин дооматы негизсиз экендигин билдирүүдө.

Оштогу “Жети түс” фирмасынын расмий өкүлү, укук коргоо кыймылынын лидери Төлөн Дыйканбаевдин айтымында, 2005-жылдын 23-мартынан 24нө караган түнү белгисиз адамдар аталган ишканага кол салып, баалуу эмеректерин уурдап кетишкен. Фирма директору Аманбай Сатибаев убагында Ош шаардык милициясына билдирүү жасагандыктан, фактынын негизинде кылмыш иши козголгон.

-Былтыр “Жети түскө” таандык ошол эмеректердин айрым бөлүгү март ыңкылабынын активдүү катышуучуларынын бири Калмамат Камчыбековдун Ноокаттагы “Апшырсай” эс алуу жайынан табылган. Ошондон кийин ички иштер кызматкерлери ачылган ишти токтотуп жаап таштаган. Натыйжада милиция Сатибаевди ири өлчөмдөгү моралдык жана материалдык зыянга учуратып олтурат. Ишкер тарткан чыгым азырынча алты жүз миң сомго бааланды”, дейт Төлөн Дыйканбаев.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин тергөө боюнча орун басары Кемербек Бердибаев ишкер Сатибаевдин мыйзамдуу өкүлү Дыйканбаевдин дооматын негизсиз деп эсептей тургандыгын чечмеледи.

Ага улай Ноокаттагы “Апшырсай” эс алуу жайынын башчысы Калмамат Камчыбеков менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов 2005-жылдагы март ыңкылабында Жалалабатта, Бишкекте, Ошто талап-тоноолор болгондугун, тилекке каршы, бул ишке тиешеси барлардын бири да ушул күнгө дейре жазага тартылган эместигин өкүнүү менен билдирди. Мындай көрүнүш Кыргызстан демократиялык нуктан тайып жаткандыгынан кабар берип, бул сапар деле Ош шаардык соту Сатибаевдин талабын канаттандырып, милицияны доого жыгаарына көзү жетпестигин билдирди.

XS
SM
MD
LG