Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Т.ИСМАИЛОВА: “КОНСТИТУЦИЯДА ЖАЗЫЛГАН УКУГУБУЗДУ КОРГОЙБУЗ”


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек 9-июндан тарта жарандар “Митинг, тынч жүрүштөрдү өткөрүү” жөнүндөгү мыйзам долбооруна --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/8517281B-3F2D-47B8-9BC9-57D532300151.asp каршы мөөнөтсүз талкуу, жыйындарды өткөрө баштайт. Анын максаты тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Төлөкан айым, Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар бүгүнтөн тарта жер-жерлерде Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган “Митинг, тынч жүрүштөрдү өткөрүү” тууралуу мыйзам долбооруна каршы тегерек үстөл айланасындагы талкууларды өткөргөн жатасыздар. Анын башкы максаты эмне?

-Эң туура. Анткени фундаменталдык ар бир жаранга ыйгарылган укук, туулгандан баштап эле ар бирибиз өкмөткө өзүбүздүн оюбузду, эгер өкмөт, же айыл өкмөт туура эмес иштеп атса конституциялык нормага алып келип жана мыйзамдуулукту сакташыбыз керек. Ошон үчүн кыргызстандыктар ушунчалык мыйзамды сүйгөн жарандар.

Биринчиден, эмне үчүн тегерек үстөл? Анткени ошол эле Конституцияны референдумда кабыл алганда жалпы эл айткан: “Туура, 16-берене 14-пункт тынч пикеттерди өткөргөнгө ар бир жаран Кыргызстанда укуктуу” деп. Ошон үчүн бул рефрендум аркылуу кабыл алынган Конституциянын беренеси. Мен таң калам, эмне үчүн кээ бир депутаттар жана чиновниктер ушул фундаменталдык жана Конституцияда турган беренелерди бузганга аракет кылышат? Ошон үчүн биз жардам берүүнү көздөйбүз.

Экинчиден, бул жалпы Конституция берген мыйзам. Ошон үчүн мыйзамды коргошубуз керек. Балким Турсунбек Акун айткандай президент билбей аткандыр. Президент Конституциянын гаранты, ошон үчүн президентке да жеткирип, өзүбүздүн укуктарыбызды, тынч пикеттерди, тынч митингдерди өткөргөнгө аракет жасап, муну коргойбуз.

-Укук коргоочулар ушул мыйзам долбоору даярдалгандан тартып эле “ал Конституцияга жана адам укуктары тууралуу эл аралык мыйзамдарга карама-каршы келет” деп келатасыздар. Бирок мыйзамды даярдаган депутат Исхак Масалиев мыйзам тескерисинче митинг, жыйын өткөрөм деген жарандардын коопсуздугун камсыз кылчу, укугун коргоочу мыйзам, анан сындаган адамдар долбоорду жакшыртуу боюнча бир да сунуш-пикир киргизишкен жок деп жатат. Мына ушул жагдайдан алганда бүгүнтөн тарта өткөрүлүүчү талкуу жыйындары Жогорку Кеңеш депутаттарына кандайдыр бир деңгээлде таасир берет деген үмүт барбы?

- Биринчиден, Исхак Апсаматович менен биз көп жолу жолугуп атабыз. Экинчиден, ошол эле мыйзам талкуу болуп атканда биз профилдүү комитетте катышканбыз. Ошондо белгилүү укук коргоочулар, ошонун ичинде Азиза Абдрасулова айым башынан тынч пикеттерди коргоо боюнча көп сунуштарды берип атат жана Исхак Апсаматовичке өзүбүздүн, ЕККУнун башкы принциптери бар, Кыргызстан ЕККУнун ичине кирген жана Конституциябызды коргогонго дагы өзүбүздүн көз карашыбызды чагылдырганбыз жана сөзсүз түрдө биз Исхак Апсаматовичке дагы жолугуп, дагы бир сыйра ошол принциптерди карап жана Конституцияны бузбаганга аракет кылыш үчүн биз дагы бүгүнтөн баштап аракеттерди жасайбыз.

Экинчиден, ар бир Жогорку Кеңештин депутаты сөзсүз түрдө колуна алгандай кылып жеткиребиз. Конституцияны бузбаш керек, бул кылмыш. Эмне үчүн кээ бир депутаттар, же чиновниктер Конституцияны бузушат? Бул Кылмыш кодекси боюнча жазага тартылыш керек. Анан Конституциянын гаранты дагы кандай болуп атат, эмне болуп атат деген суроолорго жооп алгандай сөзсүз түрдө “Жарандык коом” телеграмма аркылуу президентке дагы өз карашыбызды чагылдырганга аракеттерди жасайбыз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG