Ошентип мунай баасынын кымбаттоосу азиялыктарды гана эмес, Батыштын байгер өлкөлөрүнүн калкы да муңайым тартуусун күчөттү. Баанын болуп көрбөгөндөй кымбаттоосуна байланышкан тынчыздануу өзгөчө калктын карапайым катмары арасында өсүп жатат.
Дизелдик отун же керосин баасы быйыл эле 35%дан ашуунга өскөн Испаниянын айдоочулары бүгүн, алар өздөрү атагандай, мөөнөтсүз иш таштоого чыгуу менен өкмөттөн бааны ооздуктоо үчүн чара көрүлүүсүн талап кылышууда. Алардын ырастоосунда, баа кымбаттаган шартта өзгөчө чакан фирмалардын айдоочулары үчүн жүк ташуу менен шугулдануунун маңызы жок болуп калды.
Испан айдоочулары бүгүн машинелерин каз-катар тизип, Франция менен Испаниянын чек арасын тороп салышты. Чек арадан өтө албай койгон португалиялык айдоочу мындай дейт:
-Качан биз Франциянын чек арасына келгенибизде полиция жол кыймылын буруп жатыптыр. Испан жүк ташучулары автоунааларын биздин бет маңдайбызга токтото баштап, бизди көздөй таш ыргытышты. Атүгүл алар биздин гидравликалык шлангаларыбызды кыркууга аракеттеништи.
Ал эми өткөн аптада Брюсселде да демонстрацияга чыгышкан франциялык жана италиялык балыкчылар ачуулангандан өзүн кармай албай калышкан эле. Евробиримдиктен жардам талап кылган балыкчылар, күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам азыр балык уулоо да пайдасыз болуп калганын билдиришкен.
Калкы батыштыктарга караганда анчалык байгер эмес Азияда болсо, аймактагы өлкөлөрдүн көбүнүн өкмөттөрү күйүүчү майдын баасын арзаныраак кармоо үчүн мындан ары дотация бере албаган абалга кептелүүдө.
Маселен Азиянын мунайды эң көп экспорттогон жана күйүүчү май өзүндө эң арзан деп эсептелген өлкөсү – Малазия бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн мына ушундай дотация үчүн жумшайт. Бирок өкмөт бул каржылык түйшүктү көтөрө албай, бензиндин баасын 40%га, дизелдик отундугун 60% кымбатташына арагасыз болгон. Жогорудагыдай жагдай коомчулуктун нааразылыгын жаратып, премьер-министр Ахмад Бадавинин эл арасындагы бедели төмөндөп кеткен өкмөтүнүн келечегин тобокелчиликке салууда.
Ушул жекшемби күнү башкаала Куала-Лумпурда миңдеген адам катышкан демонстрация өтүп, өкмөттүн дарегине отставкага кетүү чакырыктары айтылды.
Азиягын эң калктуу өлкөлөрүнүн бири – Индияда деле ушуга окшогон кырдаал. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Жарханд штатында өткөн ишемби күнү нааразылык акцияларынан улам жол кыймылы токтоп калды. Индиянын Коммунисттик партиясынын мамлекеттик катчысы Шивенду Син бааны көзөмөлдөй албай калганы үчүн федералдык өкмөттү айыптайт:
-Өкмөт акыркы үч айда бензиндин баасын эки ирээт көтөрдү. Биз ушуга тынчыбыз кетип, нааразылык билдирип жатабыз. Алар улам өсүп жаткан бааны көзөмөлдөөгө жөндөмсүз. Каржы министри Паланьяппан Чидамбаран менен премьер-министр Манмохан Сингх буга каршы чара көргөндүн ордуна бизге жөнсүз түшүндүрмөлөрдү берип жатышат.
Анткен менен бааны ооздуктоо үчүн өкмөттөрдүн деле колунан келе турган иш чектелүүдөй өңдөнөт. Дүйнө лиделери мунай эскпорттоочулардын ОПЕК уюмун чийки затты өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө чакырышкан. ОПЕК өз кезегинде дүйнөдө кара майга суроо-талап күчөгөнүнө карабай, базарда азыр мунай таңкыстыгы жок экенин, келечекте да болбой турганын билдирүүдө.
Эгер мындай ырастоолорду туура деп эсептесек, анда наркты мунай бааланган валюта – доллардын куну кетип жатышы жана мунайды азыр арзан сатып алып, кийинчерээк кымбат сатып алууну көздөгөн чайкоочулук өңдүү факторлор асмандатып жаткандай.