Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

НОРВЕГИЯ-ХЕЛЬСИНКИ КОМИТЕТИНЕ КИМДЕР КЫЗЫКДАР?


Адам укуктары боюнча Норвегия-Хельсинки комитетинин Бишкектеги кеңсесине Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн эки кызматкери жана дагы өздөрүн тааныштырбаган эки адам кирип, паспортторун жана визаларын текшерүүгө алышты. Муну айрым жарандык коомдун өкүлдөрү адам укугун коргоо жаатындагы эл аралык уюмдарга жасалган кысым катары баалашып, тартип коргоо кызматкерлеринин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/6CCBE405-3C8D-443E-AED4-3A352BCDDFA9.asp аракетин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн эки кызматкери жана жандарында расмий документтери жок дагы эки кызматкер Бишкектеги Байтик-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Норвегия-Хельсинки комитетинин кеңсесине барышып, ал жерде иштегендердин паспортторун текшеришкен. Андан соң комитеттин иш кагаздарын жана башка документтерди алып чыгууну талап кылышып, бирөө компьютердеги файлдарды сүрөткө тартып, кеңсенин ичин видеокамерага түшүргөн.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова милициянын бул аракетин жарандык коомдор менен иш алып барышкан эл аралык уюмдарга кысым көрсөтүү деп эсептейт. Анын айтымында, эл аралык уюмдар менен катар жарандык коомдорго дагы кысым, куугунтуктун башталышы.



Ал эми Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн кызматкери Сапарбек Жумабаев болсо бул иш чара мыйзамсыз жүрүшкөн чет элдиктердин документтерин текшерүү максатында пландын негизинде жүргүзүлгөндүгүн «Азаттыкка» билдирди.

- Чет элдик жарандардын Кыргызстанда кандай иш алып барып жатышкандыгы жана алардын визаларын текшерүү, мыйзамсыз жүргөндөрдү тактоо иретиндеги эле иш-чарабыз. Биз булардын паспортторун текшергенде визалары бар экен. Бирок жумуш алып баруу боюнча каттоосу жок экен. Анысын көрсөтө алышкан жок.

Жумабаев Норвегия-Хельсинки комитети Кыргызстанда иш алып баруу боюнча Адилет министрлиги тарабынан каттоодон өтпөгөнүн кошумчалады.

Анын мындай пикири менен «Кылым шамы» укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова макул эмес. Анын айтымында, бул иш-чара адилет министринин көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлүп жатат. «Министр Марат Кайыпов Кыргызстандагы адам укугун коргоо жаатында иштеген эл аралык уюмдарды текшергиле деп тартип коргоо органдарына кайрылганы тууралуу маалыматым бар», - дейт Абдрасулова.

- Негизинен Марат Таштанович мурдатадан эле «эл аралык уюмдар биздин министрлик менен түздөн түз иштеши керек. Акчаны укук коргоо уюмдарына эмес, Адилет министрлигине берүүлөрү керек» деп айтып келген. Марат Таштанович өз оюнда ойлоп жатса керек эл аралык уюмдарды бул жерден кетирип жиберсек, же болбосо ушундай иштетсек, же Кыргызстандагы укук коргоочуларды жоюп жиберсек, акча каражатынын баары Адилет министрлигине Америкадан келип калат деп. Бирок демократиялык өнүккөн өлкөлөр адам укугу канчалык деңгээлде сакталып жатканына биринчи кезекте көңүл бөлөт.

Адилет министри Марат Кайыпов менен байланышканыбызда, ал иш сапарда жүрүптүр. Жыйынга катышып жатканына байланыштуу бул боюнча жооп бере алган жок.

Норвегия-Хельсинки комитетинин жетекчиси Ивар Дале болсо Кыргызстанда адам укугу жаатында иш алып баруу макасатында бир жылдан бери Адилет министрлигинин бюрократтык тоскоолдуктарынын кесептинен каттоодон өтө албай жүргөнүн кошумчалады.

- Мен конференцияда отургам. Бул текшерүү мени абдан таң калтырып жатат. Эмненин негизинде, эмне үчүн текшерүүгө келишкенин мыйзамдын алкагында жүргүзшпөй жөөлөп киришкени кызык. Мен бир жылдан бери Адилет министрлигинен каттоодон өтүү боюнча аракет кылып жүрөм. Өткөн жумада эле министрдин орунбасары Б.Бекиев менен жолугушуп, ушул маселе боюнча сүйлөшкөм. Бул жерде эч кандай жашыруун иш жок.

Ивар Дале белгилегендей аталган комитет адам укугун коргоо боюнча жарандык коомдорго майда гранттарды берүү жана ар кандай жардамдарды берип турат. Буга чейин өспүрүм балдарды тарбиялоочу абакка материалдык жардам көрсөтүшкөн.



Ал эми текшерүүгө келген милициянын эки кызматкеринин жана алардын жанындагы документтери жок эки адамдын иш аракетин жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзамсыз деп эсептеп, Свердлов райондук милиция бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Укук коргоочулар Свердлов районунун тергөө тобу документтери жок эки адамдын ким экенин так айтышпаганы, бул тууралуу кийин маалымдашабыз дегени эптеп эшиктен чыгарууга кылган «тил эмизүү» дешүүдө.

Ивар Дале 10-июнда Бишкекке келүүчү БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарлыгынын жетекчи орунбасарына жолугуп, бул маселе боюнча толук маалымат берерин «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG