Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:21

ЕС: “КҮНЧЫГЫШ ӨНӨКТӨШТҮГҮ” КҮМӨНДҮҮ КӨРҮНӨТ


Польша менен Швеция өткөн айдын этегинде жаңы демилге көтөрүп, Евросоюздун коңшулар саясатын (ENP) “Күнчыгыш өнөктөштүк” планы менен жаңылоону сунуш кылышкан эле. Жакында бул концепция Европаламентте --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/18AE9E86-6DE1-437E-8641-60EA7444C331.asp талкууланып, каяша пикирлерди пайда кылды. Европа комиссиясы да жаңы планга жакшы ынтаасын билдирген жок. Мындай маанай Евросоюздун чыгышындагы айрым коңшулардын, айрыкча Украинанын шаабайын суутту.

“Күнчыгыш өнөктөштүгү”, долбоордун авторлору Польша менен Швециянын сунушуна ылайык, көп улуттуу форум түспөлүндө түзүлүп, ага шаркеттин өлкөлөрү менен бирге ГУАМдын (Грузия, Украина, Азербайжан, Молдавия) мүчөлөрү жана Армения кириши керек. Алардын ортосунда виза эрежелерин жоюу, эркин соода аймактарын түзүү жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим маселелери, энергетикалык коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү зарыл. Форумга Белоруссия эксперттер деңгээлинде гана катыша алат, Россия тууралуу болсо долбоордо эчтеме айтылган эмес.

Евросоюздун мурдагы коңшулар саясаты (ENP) жаңы демилгенин авторлоруна бир жактуудай көрүнөт. “Анда күнчыгыштагы коңшулар менен Түндүк Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай айрыма каралган эмес, мындай айрыма болсо сөзсүз зарыл,-деп билдирди Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский. – Континенттин чыгышындагы өлкөлөр европалыктар, алар эртедир-кечтир Евросоюзга мүчө боло алышат”. Ошондуктан аларга өзгөчө саясат керек.

“Күнчыгыш өнөктөштүк” планын Франция колдоду, ага Германия, Британия жана Нидерландия кызыгуу билдирди, ал эми Италия менен Испания көп жагынан күмөнсүп турушат. Концепция жакында Европарламентте да талкууланып, ага каршы чыккандар да табылды. Франциялык жашылдар партиясынын өкүлү Мария Анне Ислер Бегюн, мисалы: “Күн чыгыштагы коңшулар Евросоюзга мүчө боло албай жатып кайдан жүрүп шаркеттин талаптарына жооп бере алышат?” - деп собол койду. Румыниялык социал-демократтардын фракция башчысы Адриан Северин башкаларды айтпаган күндө деле Украинада саясатчылар ич ара бийлик бөлүшө албай, конституциялык реформа ордунан жылбай жатканын белгиледи. “Адегенде НАТОго, андан соң Евросоюзга” деген мурдакы вариантты чыгыштагы коңшуларга, алардын ичинде Киевге сунуш кылуу калпыс болорун айтып, Северин андан көрө шаркеттин мүчөлөрүнө Украина дегеле керекпи – ушунун башын так ачып алууну сунуш кылды.

Талкууда Евросоюздун тышкы иштерине жооптуу комиссар Бенита Ферреро-Валднер да “күнчыгыш өнөктөштүк” планына анчейин көңүлсүз экенин туйгузду. “Кандайдыр бир нерсеге бөгөт болгубуз келбейт,- деп айтты комиссар.- Бирок биз өнөктөштөрүбүздү реформа чөйрөсүндөгү алардын жеке аракеттери үчүн колдогубуз келет. Бул өтө маанилүү нерсе, анткени мунун негизинде социалдык өзгөрүүлөр жатат. Өзгөрүүлөр болсо коомдун өзүнө жараша болот, биз буга болгону дем бергибиз гана келет”.

Мындай туюк ишаара талкууларга катышкан украин өкүлдөрүнүн, алардын ичинде өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Тарасюктун шаабайын катуу сутту.

XS
SM
MD
LG