Ооганстанга жардам берүүгө арналган эл аралык конференция 12-июнда Парижде ачылат. Анын алкагында Эднан Карабаев 9-июнда Брюсселде ЮНЕСКОнун башкы катчысы К.Мацуура менен жолугушуп, билим берүү, адам укуктарын камсыздоо жана илимий багыттарда кызматташууларды кениртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эднан Карабаев ошондой эле Франциянын мурунку президенти Жак Ширактын фондун ачуу аземине да катышты. Фонд цивилизациялардын диалогу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында иш жүргүзөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)