Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, комиссия иликтөө ишин жүргүзүп жатат жана жакында анын жыйынтыгы чыгарылат. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ички иштер министрлигинин 9чу бөлүмүнүн кызматкерлеринин Норвегиялык комитетти текшерүүсү мыйзам чегинде болгонун жана учурда текшерүү улантылып жатканын билдирди. Кыргызстандык укук коргоочулар чет өлкөлүк укук коргоочу уюмду текшерүүдө Кыргызстан конституциясынын 14 бөлүмүнүн 3 беренеси кепилдеген “турак-жайга кол тийбестиги” бузулганын билдирүүдө.(AiT)
17:07 Норвегиялык Хельсинки комитетинин айланасында түзүлгөн абалды иликтөө үчүн Акыйкатчы атайын комиссия түздү