Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

19:05 Жалалабаттык эки милиционер Өзбекстанда кармалып турат


Аларды бошотуу аракети натыйжасыз калууда. Губернатор менен сүйлөшкөндө Наманган облусунун башчысы милиционерлердин иши коопсуздук кызматында экендигин алардын ишине өзбек акимдер кийлигише албай тургандыгын билдирген. Бул тууралуу бүгүн облмилициянын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев маалымдады. Анын айтымында Наманган облусунун Чартак районунда 4-июнда кармалган Алабука районунун эки тартип сакчысы убактылуу кармоо жайына киргизилген эмес, автоунаасы гана камакта. Өзбек коопсуздук кызматы курал кайтарылса, алар бошотулаарын кыйыткан. 2-июнда кыргыз жаранын кармап кетмек болгон өзбек чегарачылары эки автоматын жергиликтүү тургундарга таштай качышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG