Алар Чолпонатадан бүгүн эртең менен келишкенин нааразы топтун өкүлү Рыскүл Алиева билдирди. Алардын мындай кадамга баруусуна жергиликтүү бийлик “Эл нуру” базарында соода жүргүзүүгө уруксат бербей жатышы себеп болгон. “2-июнда областтык сот маселени биздин пайдабызга чечип, айрым кемчиликтерди жою менен базарда соода жүргүзсө болот деген чечим чыгарган. Бирок ага карабай шаар бийлиги уруксат бербей жатат”, - деп билдирди “Азаттыкка” нааразы топтун өкүлү Рыскүл Алиева. Соңку маалыматтарга караганда, аларды өкмөт үйүнүн жанынан милиция кубалай баштады.(SM)
8:18 Өкмөт үйүнүн алдына Чолпоната шаарынын жүз чакты тургуну нааразылык чарасына чыгышты