Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

“БАКИЕВДЕРДЕН АЯНБАГЫЛА!” “МУСАПЫР” ФОНДУБУ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Бүгүнкү кырдаалды Бакиевдерге каршы акциянын башталышы деп ойлойм. Кайсы бийликте туруп, кандай кадамга барып жаткандарын өздөрү түшүнбөй калышты окшойт. Чындыкты бурмалабай түз жазган 2-3 эле гезит бар, анан аларды да жаап салса, мунун арты чоң чатакка айланышы толук мүмкүн” деп айтты “Алиби” гезитинин мойнуна 1 млн. сом айып салынышы жөнүндө оюн билдирип, КР Коопсуздук кызматынын экс-катчысы М. Ниязов.

Aл эми белгилүү коомдук ишмер И. Абдуразаков, “Маселе ким сотко бергенде болуп жатпайбы. Эгерде башка киши ушундай доомат менен кайрылганда сот аны жумшак эле чечип коймок. Ушундан улам соттордун бийликке көз каранды экендиги далилденди. Уят иш болуп калды” десе, экс-депутат Б. Ааматов, бийликтин төрүндө олтуруп алып оппозициялык саналуу гезиттер менен соттошуп, аларды 1 миллион сом айыпка жыккандын ордуна Бакиевдердин үйбүлөсү балдарын тарбиялашы керектигин, мындай кадам алардын баркын кетиргенден башка жакшылыкка алып барбастыгын айткан. Буга улай эле “Алиби” гезитине “Социал-демократиялык” партиянын билдирүүсү жарык көрдү. Анда сот системасы саясый куралга айланганы белгиленет, партия Кыргызстанда өкүм сүрүп келаткан мыйзамсыздыктын, сөз эркиндигине жасалган басмачылыктын токтотулушун талап кылуу менен, “биз дүйнөлүк цивилизациядан артта калган феодалдык кокту-колотто эмес, демократиялуу өлкөдө жашагыбыз келет” деп айтылат.

Ошентип “Бакиевдерден аянбагыла!” деп аталган “Мусапыр” фондуна акция башталган бир жумадан бери чогулган акча каражаты 121 миң сомго жеткенин, балыкчылык жеке ишкер Таалай Сегизбаев 500 доллар кошсо, Жалал-Абаддан Сүйүтбек деген жигит өз жанынан 10 миң сом кошконун, “Дордой” базарындагылар 5 миң сом жыйнап жиберсе, “Акшумкар” партиясы 17 миң сом берип кеткенин маалымдады.

Гезит андан ары 1-Май райсоту Бакиев Жаныштын студент баласынын ар-намысын 2 миллион сомдон ашыра баалаганын, буга чейин рекорддук сумма Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиевге таандык болуп келгенин, анын Акаев доорунда “Асаба” гезитине берген арызы 1,5 млн. сомду түзгөнүн, андан кийин мурдагы өкмөт башчысы Н.Танаев “Моя столица” гезитин сотко берип ар-намысы 500 миң сом болорун далилдесе, Д. Сарыгулов менен А. Карыпкулов “Республика” гезитин сотко берип, ар-намыстары 200 миң сом болорун сот аркылуу коргоп алышканын эске салып, эми Бакиевдердин заманында жашоо-турмушка болгон кымбатчылык, баалар гана көтөрүлбөстөн ар-намыстын баасы да өскөнүн, жөнөкөй студенттин ар-намысы 25 жыл падыша болгон адамдыкынан ашып түшкөнүн жазып чыкты. Ошону менен бирге эле “Алиби” гезитин эми КР чегара кызматы сотко берүү жөнүндө доо арыз менен кайрылганын, кечээ түштөн кийин 1-Май райсотунан кайра чакырык келгенин кошумчалады.

“Дело № ...” гезити ушул жылдын 1-июлунан тартып калкты суу менен камсыз кылуу акысынын тарифи да жогоруларын, мурда 1 сом 90 тыйындан болсо мындан кийин 3 сомдон болорун кабарлап, Бишкек ТЭЦи сатыкка коюлганын, аны Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эларалык валюта кору менен кол кармашып келаткан АЕS компаниясы сатып алганы калганын, дүйнөгө таанымал бул компания мурдагы союздук республикаларга жортуулун СССР кулары менен Борбор Азиядагы жылуулук электэнергиясын чыгаруучу ишканаларын сатып алуу менен баштаганын, Казакстан да акчага кызыгып сатып жиберем деп далай азап-тозоктон кийин кайра андан да кымбат каражат коротуп сатып алганын, капканга Грузия да чабылып, 96-98-жылдардын кычыраган кышында Тбилиси күн сайын 7-9 сааттан тоңуп турганын дагы бир ирет эске салып... бирок агездеги өкмөт башчысы Ф. Кулов АЕS Silk Poad компаниясы менен келишимге кол койгонун, ал эми 2007-жылдын июлунда АЕS компаниясынын вице-президенти Дейла Перри мырзаны кабыл алган президент К. Бакиев “Биз деген инвесторлорду америкалык, европалык же кытайлык деп бөлбөйбүз, чогулуп, биргелешип иш кыла беребиз” деп айтканын шилтме кылган. Ошентип бардыгы эски сценарий боюнча баратканын, тилекке каршы Казакстан менен Грузиянын ачуу сабагын мнчиктештиргенге келгенде эт-бетинен кеткен кыргыз бийлиги каакы ордуна да көргөн жок деп баяндады.

Ушул эле гезит Бишкек шаарында курулуш иштеринин доору жүрүп турганын, азыркы күндө турак-жай үйлөр жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүп баратканын жазуу менен анын баары эле бекем салынып жатат деп эчким кепилдик бере албастыгын, алтургай курулуш иштеринин мыйзамдуулугуна көз салып туруучу Мамлекеттик надзор башкармалыгы да кепил боло албасын мюнга алганын, тилекке каршы өзүм билемдик менен көзөмөлсүз курлуп жаткан объектилердин саны Бишкеке шаарында эле 290го жетсе, анын 8и турак-жай үйлөрүн түзөрүн, кокус жер силкинчү болсо кыйын болорун кеп кылды.
XS
SM
MD
LG