Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Е.ЕВТУШЕНКО: Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН БИР БУТАГЫ - АДАМ БАЛАСЫНЫН ТҮНДҮГҮН ТИРЕЙТ


Муса Мураталиев, Москва Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышына орусиялык коомчулук катуу кайгаруу менен көңүл айтышууда. Андай ойлордун бирин Орусиялык атактуу акын, Евгений Евтушенко Москвадагы «Азаттыктын» кабарчысы Муса Мураталиев менен болгон маегинде айткан.

Эсил кайран Чыкенин дүйнөдөн кайтышы орусиялык коомчулуктун арасын кыйла кайгыга салды. Андай маанайды биз карапайым кишилер арасынан, биздин кыргыз экенибизди билери менен дароо Айтматов тууралуу кеп баштап ийишинен көрүнүп турат. Маркумдун замандаштары, айрыкча Чыкенин атын жатка билген калемдештери оюндагысын маалымат каражатары аркалуу ортого салуу да кыйла бар. 1991-жылдан бери АКШнын Оклахома штатындагы Деневер университетинде сабак берип келаткан, бул күндөрү Санкт-Петербургда өзүнүн «Ак кар» аттуу операсын кыдыртып коюп, аны менен чогуу жүргөн айтылуу акын Евгений Евтушенко менен телефон аркалуу байланышып, маркум Ч.Айтматов туурасында ага угуздук.

Е.ЕВТУШЕНКО: - Мен уктум. Мен бул дүйнөдөгү азыркы туштагы улуу жазуучудан айрылганыбыз үчүн терең кайгырам. Анын Нобель сыйлыгына татый тургандыгы шексиз болчу. Бирок, ал эми биздин арабызда жок. Ал гана эмес америкалык жазуучулар арасынан Нобелдик сыйлыкка татыгыдай Артур Миллерди да жоготтук. Грэм Грим да Нобель сыйлыгына татырлык жазуучу болгон, ал да жок. Эми Ч.Айтматовду жоготтук. Ал сыйлыкты бере турчу мырзалар кээде ушинтип көпкө маалкаттырат. Алар улуу жазуучулардын чыгармалары өлбөс болгону менен алардын өздөрү акыры бир өлө тургандыгын эстеринен чыгарып коюшат.

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, баарыдан мурда анын киндик каны тамган жери, эли – кыргыз дүйнөсүнүн тереңинен орун алган эле. Бирок, анын чыгармачылыгынын бир бутагы бүтүндөй адам баласынын түндүгүн тиреп турчу. Ал чыныгы азыркы турмуштун жазуучусу эле.
Ал кыйынчылыктарды жаш кезинен башынан өткөргөн. Анын ата-энеси саясий куугунтук жешкен. Ал, тоталитаризмдин кандай гана түрү болбосун, түбү жүрүп ал болуп көрбөгөндөй кыйрандыга алып келерин айгинелеген укмуштуудай роман жазган. Ошондон улам аны бардык тоталитардык режимди башынан өткөрүшкөн мурдагы советтик республикалар жана азыркы Германияда аябай урматтап, анын чыгармачылыгы жогору бааланчу.
Эмне дегенде, баарыдан мурда ынсап менен абийир катаал кездерде да сакталса, анда ал кийин ошол элдердин руханий дүйнөсүнүн кайра жаралуусуна мүмкүндүк берерин, А.Айтматовдун жазгандары айтып турат. Ошон үчүн Советтер Союзу бар кезде Орусияны ага кошо алып эсептегенде, анын чыгармаларын баары бирдей жактап турушчу. Дал ошол, мурдагы гитлердик Германияда да жакшы көрүшчү. Албетте, Гитлердин кылмышы үчүн кийинки муун күнөөлүү эмес, ал өлкө азыр да фашизмдин кайра жаралуу багытында жазалып аткан кайсы бир аракеттерге каршы туруп атат. Айтматовдун чыгармачылыгы алар менен күрөшүүдө биздин куралыбыз болуп берет деп эсептеймин...
XS
SM
MD
LG