Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

12:50 Бир катар эларалык уюмдар “террористтик” деп табылды


Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын арызы менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бир топ уюмдарды “террористтик” деп тапты. Алардын катарында: “Күрдстандын улуттук конгресси”, “Күрдстандын жумушчу партиясы”, “Конгра-Гель”, “Жихад тобу” (“Жамаат-ал-Жихад”), “Жихаддын исламий тобу”, “Ислам жихадынын союзу”, “Моджахеддердин Борбор Азиядагы жамааты” өңдүү уюмдар бар. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, Кыргызстан Бириккен улуттар уюма мүчө мамлекет катары терроризмге каршы күрөш жүргүзүү боюнча эларалык келишимдердин негизинде өз аймагында терроризмге каршы күрөшүү боюча бир топ чараларды көрүшү зарыл. Андыктан, бул жаатта Баш прокуратуранын арызы сот тарабынан канааттандырылды. (TD)

XS
SM
MD
LG