Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

14:30 Биринчи вице-премьер министр баштаган мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Нюрнбергде


Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн алып келгени барган мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Германия Федеративдик республикасынын Нюрнбергдеги ооруканасына барышты. Аларды Германиядагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү, жазуучунун жакындары, Германиянын расмий бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Искендербек Айдаралиев президенттин, өкмөттүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан Ч.Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айткан. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бүгүн жазуучунун сөөгүн алышып, Бишкекке кечинде кайтып келишет. Эртең менен биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев баш болгон комиссиянын мүчөлөрү атайын дайындалган учак менен Германияга учуп кетишкен эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG