Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

14:50 Кытай Эл Республикасындагы кыргыз элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды


Кыргыздын чыгаан уулу, улуу жазуучу, философ, азыркы замандын гуманисти Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кытайдагы Кыргызстандын элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Китепке алгачкылардын болуп Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Б.Нургалиев, Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Ли Хуэй, Пекиндеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Кытайда окуган жана эмгектенген кыргызстандыктар көңүл айтуусун жазышкан. Көңүл айтуу китеби 12-июндан 13-июнга чейин ачылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG