Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

БҮЛБҮЛ-ОГЛЫ: АНЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮНДӨ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН АКЫЛМАНДЫГЫ СОГУП ТУРУУЧУ


Муса Мураталиев, Москва Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Москвадагы аза күтүү каадасына ар кайсы мамлекеттердин таанымал өкүлдөрүнүн ой-пикирлери менен тааныштырууну улантабыз. Азербайжан элинин белгиүү ырчысы, азыркы тушта Орусияда Азербайжан жумуриятынын ыйгарым элчиси Пулат Бүлбүл-Оглынын ой толгоосу менен Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев тааныштырат.

Cүрөттө Бүлбүл-Оглы жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров.

Азербайжандын айтылуу уулу, даңктуу ырчы Пулатты биз Москвадагы Кыргызстандын элчилигине, маркум Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу уюштурулган көңүл айтуу китепчесине кол койгону келген жеринен жолуктурдук:

ПУЛАТ БҮЛБҮЛ-ОГЛЫ: - Мен аны менен жекеме жеке билишүү кутуна ээ болдум. Мен көп жылдары эл аралык түрк жамаатынын уюмун жетектедим. Ал уюм түрк тилинде сүйлөгөн элдердин мададаният министрлеринен туручу. Мен Азербайжандын ал кездеги министри элем. Кутум экен, ошол жылдары аны менен тааныш болуп калдым, Чынгыз Төрөкулович мени Ысыккөл форумуна бир нече жолу чакырды. Анын юбилейлеринде да Бишкекте, Парижде чогуу болгонмун. Стамбул менен Анкарада өткөрүлгөн анын тоюн уюштурууга жардамдашкан мен элем.

Ал улуу адам менен баарлашуу мен үчүн абдан чоң мектеп болду. Ар бир адамга абдан керек даанышмандыктын үлүшүн ал кишиден тапса болор эле. Жашо менен иштештин акылын ал кишиден тапса болор эле. Кандай гана жупуну чогулуш болбосун эгерде ага Чынгыз келип берсе анда анын баасы ошончо бийик көтөрүлөр эле. Эмне дегенде анын чыгып сүйлөгөн сөздөрү, демейде, алар бир караганга абдан жөнөкөй бирок маанилүүлүгү жагынан терең философиялык маңыздуу жана жашоо акылмандыгы жагынан абдан каныкккан кеп болор эле.

Анын ой жүгүртүүсүндө бардык түрк дүйнөсүнүн, түбөлүк жаралган кыргыз тоолорунун миң жылдаган акылмандыгы согуп туруучу дейм. Ал ушундай бир Кыргыз эли-жери жараткан жалпылаштырылган адам эле. Ааламдык кеңдиктеги адам эле.

Албетте, мындай жоготуунун ордун толтуруу мүмүкүн эмес. Адамды адамга алмаштыруу мүмкүн дешет, бирок Чынгыз Айтматовду башка менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Эмне дегенде ал советтик кезде кулк-мүнөзү калыпка салынган, бирок өз жүрөгүндө адам баласынын эң жогорку мүдөөсүн алып жүргөнгө үйрөнгөн, чыгыштык даанышмандык мүдөөсүн бийик кармап жүргөнгө үйрөнгөн, абийирдүлүк мүдөөнү ызаттап сыйлаган укмуштуудай адам эле. Улуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жазуучулардын көп мууну өзүнө багыт кылып, аны ээрчишкен.
Аны менен жүздөшүп, көрүшүп, сүйлөшүп калган кишилерди мен абдан бактылуу кишилер деп эсептеймин.

Өткөн жылы болсо керек эле, ал Бакуда болгондо, биздин урматтуу президент, Илхам Гейдарович Алиев аны жылуу кабылдап, Азербайжандын эң жогорку ордени менен сыйлаган. Биздин жердештерибиз менен бааралшып калганы биз үчүн бакыт. Эмне дегенде, дагы бир кайталап айтарым, анын кандай гана болбосун иш сапары, кайсы шаар, кайсы өлкө болбосун же анын кандайдыр бир жыйынга катышуусу ал олтурумга өзгөчө барктуулук берер эле.

Жаткан жери жайлуу болсун!
XS
SM
MD
LG