Turkmenistan.ru маалымат кызматынын билдирүүсүндө “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көптөгөн өлкөлөрдүн мектеп программаларына киргизилип, жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 170тен ашуун тилдерине которулган. Залкар жазуучу-гуманист өз чыгармаларында, көп тараптуу коомдук ишмердүүлүгүндө тынчтыктын жана гуманизмдин идеяларын жактап, элдердин достугун чыңдоодо дүйнөлүк маданияттын жана адабияттын улуулугун ишенимдүү даңктай алган”,- деп айтылат. Кыргыз элчилигинин билдирүүсүндө кыргызстандыктардын кайгысын тең бөлүшүүнү каалагандар бул китепке 13-июнга чейин өз көңүл айтуусун жазып кете алышат.(GA)
20:05 Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде Ч.Айтматовдун кайтыш болгондугуна көңүл айткандар үчүн атайын китеп ачылды