«Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча парламентте долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Исхак Масалиев баяндама жасамакчы. Бул мыйзам долбоорунда нааразылык чараларын өткөрүүгө бир катар чектөөлөрдү киргизүү каралган. Бир катар укук коргоочулар болсо долбоор демократияга жана адам укуктарына каршы келээрин, аны эл аралык эрежелерге төп келтирүү зарылдыгын айтып келишүүдө.(SM)
7:10 ЖК бүгүн митингдерди жана тынч жыйындарды өткөрүүгө өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун карайт