Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

8:20 Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү Ата Журтуна алынып келди


Биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев баштаган расмий топ маркумдун жакындары менен кошо кечээ кечинде жазуучунун сөөгүн Германиядан Кыргызстанга алып келишти. “Манас” аба майданынан сөөктү мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баштаган расмий адамдар, бир катар коомдук-саясий жана маданий ишмерлер, маркумдун жакындары тосуп алышып, мамлекеттик резиденциядагы үйүнө жеткиришти. Бул жерде он чакты боз үй тигилген. Кыргыздын дүйнөгө таанымал залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов үч күн мурда Германиянын Нюрнберг клиникасында катуу оорудан көз жумган эле.(SM)

XS
SM
MD
LG