Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

13:32 Улуу жазуучунун сөөгүн “Алатоо” аянтын көздөй алып жөнөштү


Улуттук филармониянын алдындагы эскерүү митинги аяктап, маркумдун сөөгү салынган табытты кыргыз куралдуу күчтөрүнүн аскерлери борбордук Чүй көчөсү аркылуу “Алатоо” аянтына алып жөнөштү. Борбордук аянттагы ылдый түшүрүлгөн туунун астындагы эскерүү иш чарасынан соң, маркумдун сөөгүн жерге берүү үчүн “Ата бейитти” көздөй алып жөнөшөт. Бишкектен 20 чакырымдай түштүк тараптагы “Ата бейит” мемориалдык музей комплексинде 1938-жылдагы Сталиндик репрессия курмандыктарынын, алардын арасында жазуучунун атасы Төрөкул Айтматовдун да сөөгү бар. (SM)

XS
SM
MD
LG