Борбордук аянтында мамлекеттик туу түшүрүлүп, гимн ойнотулду жана улуу жазуучуну бир мүнөткө унчукпай эскеришти. Андан соң маркумдун сөөгү атайын автоунаага салынып, “Ата бейит” мемориалдык-музей комплексин көздөй багыт алды. Сөөктү жерге берүү расмисине миңдеген адам катышаары, бул үчүн шаар бийлиги 135 автобус даярдаганы алдын ала айтылган. “Ата-Бейитте” куран окулуп, мусулман жана кыргыз каада-салтына жараша Чыңгыз Айтматов акыркы сапарга узатылат. (SM)