Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

УЛУУ ЖАЗУУЧУ МЕНЕН КОШТОШУУ (сүрөт баян, 2-бөлүк)


Бишкектеги улуттук филармонияда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов --> http://www.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/06/67999CF2-1F72-4096-8C7F-08077AAB9359.ASP менен коштошуу зыйнаты уюштурулуп, ага жазуучунун миңдеген окурмандары, замандаштары, мекендештери жана чет өлкөлүк өкүлдөр катышты. Эртең мененки саат 07:00дө чогула баштаган эл, саат 09:00гө карай филармониянын чыгыш ыптасында тирелип, 35 градус кайнаган ысыкка карабай жазуучуну акыркы сапарга узатып, бир көрүп өтүү үчүн кезекке турушту. Филармониянын чыгыш ыптасындагы эшигинен кирип, батыш ыптасынан чыгып жаткан элдин аягы такыр суубай, миңдеген адамдар имараттын ичине кирип чыгууга үлгүрүшкөн жок. Саат 12:00дөн кийин филармониянын маңдайында азалуу митинг уюштурулуп, Ч.Айтматовдун сөөгүн сыртка алып чыгышты. Имараттын ичине кирип чыгууга үлгүрбөй калган элдер филармониянын алдына чогулушту. Азалуу митингдин башында президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар адамдар, коомдук ишмерлер, чет элдик коноктор, акын-жазуучулар сөз сүйлөшүп, залкар жазуучунун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу анын үйбүлөсүнө, жакындарына, жалпы элине көңүл айтышты. Митинг аяктагандан кийин жазуучунун сөөгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери көтөрүп, Алатоо аянтын көздөй жөнөштү. Алатоо аянтында чогулган эл жазуучуну бир мүнөттөй эскерүүгө турушуп, андан ары Ч.Айтматовдун сөөгүн Ата Бейит мемориалдык комплексине алып барышты.

Ата Бейитте казылган жайда жазуучунун кепинделген сөөгү табыттан чыгарылып, мусулман салтына ылайык жерге берилди. Улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу үчүн Ата Бейитке маркумдун жакындарынан сырткары, президент Курманбек Бакиев баштаган расмий адамдар, сырттан келген ардактуу коноктор, жазуучунун улуу-кичүү күйөрмандары барышты.

























XS
SM
MD
LG