Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВГО КӨҢҮЛ АЙТУУ МОСКВАДА УЛАНУУДА


Муса Мураталиев, Москва Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовго москвалыктардын көңүл айтуусу ишеби күнү да уланган. Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинде жана дагы төрт шаарда маркумга аза күтүүгө байланыштуу ачылган китептерге кол коюу дагы эле уланып атканы тууралуу элчи Раимкул Аттокуров Москвадагы «Азаттыктын» кабарчысы Муса Мураталиевге айтып берген.

Атактуу жазуучу Айтматовду жоктоо каадасы Маскөөдө ишемби күнү да уланды. Ал туурасында бизге Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Аттокуров мырза билдирди.

Р.АТТОКУРОВ: - Бүгүн да, 14-июнь күнү, биздин жарандар, москвалыктар, Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын сүйүүчүлөр келип атышат. Элчиликтин эшиги ачык. Каалагандар келип өздөрүнүн көңүлүн айтып кетүүгө мүмкүүчүлүк бар.
Бүгүн адабий коомчулук өкүлдөрү келип кетишти. Чет өлкөлүк дипломаттык копустар өкүлдөрү келип кетишти. Кыргыз диаспора өкүлдөрү келип аза күтүү китепке өздөрүнүн ойлорун калтырып кетишти.

«АЗАТТЫК»: - Элдин келип көңүл айтуусу Москвада элеби же башка калааларда да улануудабы?

Р.АТОКУРОВ: - Орусияда, Москвадан тышкары дагы төрт шаарда андай бөлмөлөр уюшулган. Ал шаарларда да эл келип атышат деген маалыматты мына, саат 12де алдык.

«АЗАТТЫК»: - Биз билгенден үч күдөн бери эл келип атат. Баш-аягы канча боло турган?

Р.АТТОКУРОВ: - Азырынча тактай элекпиз, бирок элчиликтин эле өзүндө калың үч китепче толду, ар бири, менимче, 150-200 беттен турат.

«АЗАТЫК» - Ал бөлмөлөрдү качан жабасыздар?

Р.АТТОКУРОВ: - Орусиянын төрт шаарындагы бөлмөлөрдү бүгүн кечинде жабабыз. Москвада элчилик имаратында жайгашкан бөлмөлөр эртең, бүрсүгүнү да ачык болот, себеби, эл дагы эле келип атышат...

«Азаттыктын» Москвадагы кенсесине Чыкеге жеке кайгаруусун билдирүү үчүн телефон чалгандар да бар. Алардын бири орусиялык белгилүү жазуучу Артем Анфиногенов. Анын баамында жазуучунун чыгармачылыганда ачыла элек көп жагы бар.

А.АНФИНОГЕНОВ: - Чынгыз Айтматов биздин илимий-көркөм фантастиканын жетишкендиктериндеги тажрыйбаны өзүнүн «Кылым карыткан бир күн» романында пайдаланган. Романдагы космос менен байланышкан беттерди суктануу менен, айраң-таң калуу менен окуйсуң. Жазуучунун көрөөгөчтүгүнө таң калбай коюу мүмкүн эмес. Бул жерден ал өзүн абдан ири жана өзгөчө сүрөткер катары көрсөткөн. Менин айтайын дегеним ушул.

«АЗАТТЫК»: - Сиз Айтматовду таанучу белеңиз?

А.АНФИНОГЕНОВ: - Чукул тааныштыгым жок эле. Мен биз жүргүзгөн талкууларда аны менен жолукчумун, бирок чыгармачылык же жеке адам катары тааныштыгым, тилекке каршы, жок эле, ошого катуу өкүнөмүн.

14-июнда, Чыкени жерге берген күнкү, анын жаркын элесин эскерүү маанайы Маскөөдө ушундай болду.
XS
SM
MD
LG