Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

11:00 “Де-факто” гезитинин кызматкерлерине редакцияга кирүүгө тыюу салынган


Редакциянын эшигин кечээ гезитке тинтүү жасап, басылмага таандык компьютерлерди алып кеткен милиция кызматкерлери мөөр басып, чаптап кетишкен. “Де-фактонун” баш редактору Чолпон Орозобекова тинтүү редактор жана башкы жетекчи жок учурунда, алардын жоктугунан пайдаланылып, жүргүзүлгөн, деп эсептейт. Ушул тапта басылманын кызматкерлери редакциянын алдына чогулушууда. Кечээ кечке жуук милиция кызматкерлери Свердлов райондук сотунун токтомуна таянып, “Де-факто” гезитинин редакциясын тинтип, тергөөгө керектүү деген себеп менен компьютерлерди алып кетишкен. Гезит 12-июндагы санында Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин директору Темирбек Курманбековдун коррупциялык иштери тууралуу Замира Молдоева аттуу аялдын кайрылуусун жарыялашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG