Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

БҮГҮН ТҮРКТӨР КҮЙӨРМАНДАРДЫН ҮМҮТТӨРҮН АКТАЙБЫ?


Кечээ 14-июнда кечинде испаниялыктар менен швециялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болуп, мында испаниялыктар 2:1 эсебинде жеңип, “Д” тобунда алар чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында Европа чемпиону гректер менен орусиялыктар беттешип, 1:0 эсебинде орусиялыктар утуп алышты. Бүгүн 15- июнда Швейцариянын Базель шаарында Швейцария жана Португалиянын футболчулары беттешет. Ошондой эле Женева шаарында Түркия менен Чехиянын командалары мөрөй талашат.

Футбол боюнча Европа чемпионаттын таймаштарын кыргызстандык күйөрмандар телекөрсөтүү аркылуу көрүп, ар ким жактырган командасын сүрөөнгө алып жатат. Европа чемпионатынын мелдештери, чейрек финалга чыккан кайсыл командалар баш байгеге талапкер болушу ыктымал деген суроого кыргызстандык күйөрмандар өз пикирлерин билдиришти.

Жоомарт: -Финалга Хорватия менен Португалия чыгат. Быйыл Португалия чемпион болушу ыктымал.

Айбек: - Италия кайрадан үчүнчү ирет чемпиондугун сактап калууга аракет кылат. Бул жолу дагы Португалия финалда аларга утулуп, экинчи болот. Ал эми Хорватия үчүнчү орунду ээлейт.

Кайрат: -Бул жолу да испаниялыктар баш байгени жеңип алаарына ишенем. Башынан эле алардын күйөрманы болуп жүрөм.

Үсөн: -Мен Орусияга күйөрманымын. Алар кечээ абдан жакшы ойноду.

Данияр: - Мен Румыниянын күйөрманы болом. Ар дайым чабал, бирок келечегинен үмүткөр кылган команданы сүрөөнө алуу адатым. Алар дурус ойноп жатышат.

Нурбек: -Футболду биз КТРден түз алып берип жатканын көрүп, кубанып жатабыз. Европа чемпионатын быйыл КТР биринчи ирет түз алып көрсөтүүдө. Бул жакшы жөрөлгө болгону менен көрсөтүүнүн техникалык сапаты абдан начар болууда. Футбол баяндамачылардын деңгээли да начар болуп, кээде биз уялып жатабыз.



Кечээ 14-июнда кечинде испаниялыктар менен швециялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болуп, мында испаниялыктар 2:1 эсебинде жеңип, “Д” тобунда алар чейрек финалга чыгышты.

Бул беттешүүнүн 15-мүнөтүндө эсепти Англиянын “Ливерпуль” футбол клубунда ойногон испаниялык чабуулчу Фернандо Торрес ачып, өз командасын алга сүрөдү.

Италиянын “Интер” клубунда ойноп жүргөн швециялык чабуулчу Златан Ибрагимович эсепти 34-мүнөттө теңдеп, таймаш курчуду.

Беттешүү аяктап бараткан 90-мүнөттө гана быйылкы Европа чемпионатында өнөрү менен таанылып, футбол күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон испаниялык Давид Вильянын таамай тепкен тобу Испанияны чейрек финалга чыгарды.



Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында Европа чемпиону Грекия менен орусиялыктар беттешип, оюндун 33-мүнөтүндө орусиялык жарым коргоочу Константин Зырянов атаандаштардын каталыгын пайдалануу менен топту дарбазага таамай багыттады.

2004- жылы Европа чемпиону болушкан грекиялыктар канчалык аракет кылышканы менен эсепти теңдей алышпады. Мында Орусиянын футболчулары өз тобунда алгачкы утуштун ээси болушту.

Кечээ орусиялыктар өз күйөрмандарын сүйүнтүп, жакшы оюн көрсөтүштү.
Эми алар 18- июнда Швецияны утса гана чейрек финалга чыгышы мүмкүн. Себеби учурда эки команда тең үчтөн упайга ээ.

Кыргызстандын студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касеновдун пикиринде быйыл орусиялыктар Европа чемпионатынын чейрек финалына чыгышы ыктымал. Бирок чемпиондукка талапкер боло албайт.

-Чынында эле бул жолу орусиялыктарга акыры спорттук ийгилик келди. Алар натыйжалуу ойноого аракет кылып, Европа чемпиону, мыкты деген гректерди жеңип алышты. Ал эми гректер болсо бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти. Ал эми орустар дагы эки-үч жолу утушка ээ болуп, эсепти көбөйтүп жиберүүгө ыңгайды пайдалана албай калды.
Ошондой эле бүгүн 15- июнда Швейцариянын Базель шаарында Швейцария жана Португалиянын футболчулары беттешет. Экинчи беттешүү Женева шаарында өткөрүлүп, анда Түркия менен Чехиянын командалары мөрөй талашат. Эки команданын кимиси утса чейрек финалда ойноого укук алат. Себеби экөө тең үчтөн упайга ээ.

Учурда “А” тобунда Португалия чейрек финалга чыкты. “В” тобунда Хорватия 6 упай топтоо менен чейрек финалда ойнойт. Ошондой эле “С” тобундагы Голландиянын да 6 упайы бар. Алар Францияны утуп, чейрек финалга чыгышты.
Ал эми “Д” тобунда Испания эки беттешүүдө жеңишке жетип, алар дагы чейрек финалда ойнойт. Калган командалар алдыдагы таймашууларда аныкталат.

Чейрек финалдык беттешүүлөр 19- июндан 23-июнга чейин өткөрүлөт. Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26- июнга белгиленген.
Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппел” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG