Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

ТҮРКТӨР ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Кечээ 15-июнда кечинде түркиялыктар менен чехиялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, мында түрктөр 3:2 эсебинде жеңип, “А” тобунда алар да чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле талаа ээси швейцариялыктар менен портуиялыктар беттешип, 2:0 эсебинде швейцариялыктар утуп алышты. Бүгүн 16-июнда “В” тобундагы атаандаштардан Польша менен Хорватиянын футболчулары беттешет. Ошондой эле Европа чемпионатынын уюштуруучуларынын бири австриялыктар германиялыктар менен мөрөй талашат.

Учурда “А” тобунда Португалия менен Түркия чейрек финалга чыкты. “В” тобунда Хорватия 6 упай топтоо менен чейрек финалда ойнойт. Ошондой эле “С” тобундагы Голландиянын да 6 упайы бар. Алар Францияны утуп, чейрек финалга чыгышкан.
Ал эми “Д” тобунда Испания эки беттешүүдө жеңишке жетип, алар дагы чейрек финалда ойнойт. Калган командалар алдыдагы таймашууларда аныкталат.

Чейрек финалдык беттешүүлөр 19- июндан 23-июнга чейин өткөрүлөт. Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26-июнга белгиленген.

Кечээ 15-июнда кечинде түркиялыктар менен чехиялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болуп, мында түркиялыктар 3:2 эсебинде жеңип, “А” тобунда алар чейрек финалга чыгышты. Эки команданын кимиси утса чейрек финалда ойноого укук алмак. Себеби экөө тең үчтөн упайга ээ болчу. Адистердин айтымында курч таймашуу болду. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин окутуучусу, түркиялык Керим Сарыгүлдүн пикиринде түрктөр экинчи таймда демилгени колго алышты:

- Чынында эле бул жолу түркиялыктарга акыры спорттук ийгилик келди. Алар аракет кылуу менен натыйжалуу ойноп, Европадагы мыкты деген чехтерди жеңип алышты. Ал эми чехтер болсо бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти. Бул беттешүүнүн негзги каарманы- Испаниянын “Вильярреал” клубунда ойногон түркиялык Нихат Кахведжи болду.

Бул беттешүүнүн 34-мүнөтүндө эсепти Чехиянын чабуулчу Ян Коллер ачып, топту баш менен сүзүп дарбазага киригизди. Биринчи таймда чехтер үстөмдүк кылышты. 61- мүнөттө да Ян Коллер түркиялык дарбазачы Волкан Демирел менен жекеме жеке чыгып, бирок топту киргизе албады. Ошондой болсо да чехиялык чабуулчу Ярослав Плашил эсепти экиге көбөйтүү менен 2:0гө жеткирди. Түрктөр 75 мүнөттө гана демилгени колго алышып, Түркиянын "Галатасарай" командасынын чабуулчу Арда Туран айырмаланып, топту Чехиянын дарбазасына таамай тээп киргизди.

Бул беттешүүнүн негизги каарманы Испаниянын “Вильярреал” клубунда ойногон түркиялык Нихат Кахведжи эки ирет айырмаланып, эсепти 3:2ге жеткирүү менен өз командасы чейрек финалга чыгуусуна салым кошту.
Ошентип кечээ түркиялыктар өз күйөрмандарын сүйүнтүп, жакшы оюн көрсөтүштү.

«Дордой-Динамо» футбол клубунун жетекчиси Рысбек Мааткабыловдун пикиринде быйыл түкиялыктар Европа чемпионатынын жарым финалына чыгышы ыктымал. Бирок алар чемпиондукка талапкер боло албайт.

Кечээ, 15- июнда Швейцариянын Базель шаарында Швейцария жана Португалиянын футболчулары беттешип, португалиялыктардын экинчи курамы ойноп, талаа ээлери 2:0 эсебинде утуп алышканы менен чейрек финалга чыга албады.

Европа чемпионатынын мелдештери, чейрек финалга чыккан кайсыл командалар баш байгеге талапкер болушу ыктымал. Бул тууралуу «Заман-Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев өз пикирлерин мындайча билдирди:

-Бул жолу Голландия менен Португалия финалга чыгышы ыктымал. Ал эми Хорватия үчүнчү орунду ээлейт. Мен Орусияга күйөрманмын. Алар мурда күнү абдан жакшы ойноду. Эми 18-июнда Швецияны утса эле чейрек финалга чыгышат. Футболду биз КТРден түз алып берип жатканынан көрүп, кубанып жатабыз. Европа чемпионатын быйыл КТР биринчи ирет түз алып көрсөтүүдө. Бул жакшы жөрөлгө болгону менен көрсөтүүнүн техникалык сапаты абдан начар болууда. Футболду дагы баяндоочулардын деңгээли да начар болуп, кээде эмне деп айтып жатышканын түшүнбөй калып жатабыз.

Бүгүн 16-июнда “В” тобундагы атаандаштардан Польша менен Хорватиянын футболчулары беттешет. Ошондой эле Европа чемпионатынын уюштуруучуларынын бири австриялыктар германиялыктар менен мөрөй талашат. Мында германиялыктар талаа ээлерин утса гана чейрек финалга чыга алышат. Эгерде эки команда тең чыгып, ал эми Польша Хорватияны утуп алса, анда поляктар чейрек финалда ойношот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG