Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:15

10:12 Өзбекстанда кармалган эки кыргыз милиционери бошотулду


Чек ара кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, өткөн ишембиде Оштогу “Достук” чек ара бекетинде эки тараптын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту. Сүйлөшүүдөгү кыргыз тобун өлкөнүн чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев жетектеди. Анын жыйынтыгында өзбек тарап 10 күн мурда Чартак районунун аймагында кармалган Алабука райондук милициясынын эки кызматкерин Кыргызстанга өткөрүп беришти.

Алабука райондук милициясынын эки кызматкери 4-июндан бери Өзбекстандын кошуна Чартак районунда кармалып турган. Өзбек тарап аларга мас абалында автоунаа айдап, жол эрежесин бузду деген айып таккан эле Кыргыз тарап болсо муну өзбек чек арачыларына байланышкан окуяга жооп иретинде атайын уюштурулган иш деп эсептешкен. 2-июнда Жалалабаттын Ноокен районуна өзбек чек арачылары мыйзамсыз кирип келип, бир кыргыз жаранын күчтөп алып кетмекчи болгондо жергиликтүү калк каршылык көрсөтүп, алар курал-жарактарын таштай качышкан болчу. ИИМ өзбек тарап ошол курак-жарактар кайтарылса гана бул маселе оң чечилээрин кыйытып келгенин буга чейин билдирген.(SM)

XS
SM
MD
LG