Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

БАТПЕРЕК КУУП ОЙНОЙ АЛБАЙ, КЕТМЕН ЧАПКАН БАЛАКАЙ


Жанарбек Акаев, Ош Өткөн жуманын бейшемби күнү дүйнөлүк коомчулук жаш балдарды эксплуатациялоого каршы күрөшүү күнүн белгиледи. Ал күнү Кыргызстандын да ар кайсыл региондорунда балдарды оор жумушка тартпоого үндөгөн чакырыктар айтылып, эларалык уюмдар тарабынан түрдүү акциялар уюштурулду. Анткен менен өлкөнүн элет жеринде калктын жумушка жарамдуу бөлүгү жер которуп кеткендиктен, талаа жумуштары негизинен, жаш балдар менен кары-картаңдардын мойнунда калганы айтылууда.



Эртең мененки саат тогузда чыкылдата кетмен чаап жаткан Исламбек, адаттагыдай эле иш күнүн жүгөрү отоо менен баштады. Ислам быйыл 8-классты аяктаганы менен анын сүйлөгөн сөзүн, кылган ишин карап туруп, балалыктын эч бир сапаттарын көрө албайсың... Ал чызырата ысыган күнгө күйүп иштегенине да кайыл, негизгиси - мол түшүм алып, кыштан бейкапар чыкса болду:

- Биз көп деле ойнобойбуз. Талаага эгилген жүгөрүнү жакшы карап, түшүм алсак болду. Мен шаардык балдарга таң калам, бекер жүрүшөт. Андан көрө биз жасап жаткандай иштерге тартылышта, кышында ачка калышпайт да.

Бул эмгек талаасында Исламга окшоп, пахта, жүгөрү жана башка дан эгиндерин отоо, чабуу, сугаруу сыяктуу иштер менен алек болуп жүргөн көптөгөн өспүрүмдөрдү кезиктирүүгө болот. Келечекте мугалим болууну самап жүргөн 13 жаштагы Зыяда талаа иштеринин көбү эле колунан келээрин айтат:

- Мен биринчи класстан баштап эле күнкараманы отоп, чапканды, пахта теришти билем. Чоңойгондо мугалим болгум келет.

Мектеп жашындагы кыздар-балдар бир эле үйбүлөнүн турмуш-тиричилигине эмес, мектеп, башка мамлекеттик ишканалардын да талаа иштерине тартылып келишет. Оштогу «Прогресс» жаштар уюмунун мүчөсү Эрнис Нурматов муну “мыйзамсыз” деп эсептей турганын айтат:

- Ата-энелер балдарын билим алышсын деп мектепке жиберип жатышса, мэрия өңдүү башкаруу органдарынын буйругу менен мектептер балдарды улам эле ишембиликтерге чыгарышат. Бул, менимче, мыйзамга жатпайт жана моралдык жактан да туура эмес.

Түштүк аймагында базарлардабы, же талаа иштериндеби, айтор, каерде болбосун, өзбек улутундагы жаш өспүрүмдөрдүн иштеп жүрүшкөнүн көбүрөөк кезиктиргенге болот. Алардын өздөрү муну ата-энелер балдарын жаштайынан эле эмгекчилдикке, тырышчаактыкка тарбиялап жатышканы менен түшүндүрүшөт. 62 жаштагы Абдысалам ата, балдардын укугу эле деп карап отурбай аларды кичинекейинен мээнеткечтикке үйрөтүш керек, деп эсептейт:

- Биринчи классынан эле балдарды акырындап эмгекке, мээнеткечтикке үйрөтүп тарбияласак, алар чоңойгондо көчөдө жүрбөй, өз нанын өзү таап, ийгиликтүү иштеп кеткенге үйрөнүшөт да.

Жергиликтүү тургундар арасында жүргүзгөн сурамжылообуз көрсөткөндөй, Ош облусунда жаш балдардын талаадагы оор жумушка тартылышына миграция негизги себеп катары аталууда. Ишке жарамдуу адамдардын басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанга жумуш издеп кеткендиктен, айылдагы оорбу-жеңилби, бүт эле ишке жаш балдар да тартылып жатышат.

XS
SM
MD
LG