АКШ президенти Жорж Буш өзүнүн мамлекет башчысы катары Европадагы акыркы иш сапарын Британиядан жыйынтыктамакчы. Бүгүн түштөн кийин ал Британиянын карамагындагы Түндүк Ирландия аймагына келди. Аны Британиянын премьер-министри Гордон Браун коштоодо. Буш Британиянын бул аймагынын жаңы шайланган протестант лидери жана анын католик орун басары менен жолугат. Ага кошумча Ирландиянын премьер-министри Брайан Коуэн менен кездешмекчи. Бүгүн Түндүк Ирландия протестанттар менен католиктердин жылдар бою улантылып келген тирешүүсүнө чекит койгон жаңы келишимди майрамдоодо.