Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:38

ОРУСИЯДА КУЛ, КҮҢ БОЛУП ЖҮРГӨН 5 МИЛЛИОНДОЙ МИГРАНТТАР БАР


Өткөн аптада Москва областына караштуу Чулково кыштагынын жанынан уюшулган кылмыштуу топ башкарып, кулга айлантып алган Өзүбекстандык 49 кишини бошотуу болду. Орусиянын ИИМинин террорчулук жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармасынын маалымдашынча, ал жердеги өнөр-жай зонасында кармалып жаткандарды бошотуу операциясы ишемби күнү жүргүзүлгөн. Аларды Өзүбекстандан мыйзамсыз алып келип иштетип жүргөндөр азербайжан улутундагы топ болгон. Аларды 12-14 саат бою талаачылыкта иштөөгө мажбурлап турушкан, бирок канчалаган ай бою акы төлөшкөн эмес. Анализчилер баамында мыйзамсыз иш издеп келгендерди кулдай пайдалануу Орусияда эбактан көндүм болуп калган.

Маскөө алдындагы Чулково кыштактын мыяз айдачу талаасынан 11-июн күнү милиция 49 өзүбек 2 азербайжан кармаган. Милиция айтканга караганда, ал эки азербайжан, мыяз өстүрүү өндүрүшүндөгү өзүбектерди кайтарып тургандар болгон. Акча табасыңар деп аларды мыйзамсыз жол менен алып келгендер да ошолор экен. Бирок Маскөөгө келгенде алардын паспортторун алып коюп, өздөрүн эч жакка чыгарбай, бекер иштетип, бир нече ай иштешсе да акы төлөбөй жана аларды күн чыккандан күн батканга дейре иштетип жүрүшкөн.

Кыйыктангандарынан акча алып жазалашкан. Ошондой эле кай бир кыз-келиндерин зордуктап турушкан. Бир күнү алардын арасынан бир кыз качып келип милицияга билдирген.

Орусиянын террорчулук жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармасынын аскерлери барып аларды кармоо болгон. Ал түзүлүштүн ырасмий өкүлү Иннокентий Нефедов болсо:

- Аларды кармоону уюштуруу чагылгандай тез жүрдү. Эмне дегенде, качып чыккан кыздын изи сууду дегиче алар кармап турушкан кишилерди башка жакка көчүрө кетип, из жашырышмак.

Адам укугун коргоочу Светлана Ганушкина: «алдыраакта мыйзамсыз келген иммигранттар азабына ортоктош болуп турсак эми Орусияда кул, күң кармоо адатынын жайылып баратышына күбөдөр болчу болдук» - деген «Азаттыкка» берген маегинде.

Агенттиктер болсо Орусияда кул менен күңгө айлануучулар Тажикстан, Өзүбекстан, Кыргызстан дагы башка мурдагы СССР республикалардан келишкен иммигранттар. Ал эми Вьетнам жана Кытайдын атуулдарын ал өлкөлөр диаспоралары өз кулуна айлантып алышты дешет.

Мындай көрүнүштү басуу үчүн бийлик оозеки кыйла чара көрүп атканын кайталоодо, бирок иш жүзүндө уюшулган кылмыштуулуктун мындай түрү менен күрөшүү татаал экенин белгилешет. Эмне дегенде мыйзамсыз келгендер эсебин так билбеген сыңары алардын кайда эмгектенип атканын билүү да кыйын. Алардын эмгек акысын иш берген кожоюну төлөбөй кое алат эмне дегенде алар мыйзамсыз жашап атышат. Кожоюну акы төлөбөдү деп бийликке даттанууга да даай алышпайт. Эмне дегенде аларды мыйзам ариби корогой албайт.

Эксперт Татьяна Холщевникова айтканга караганда Орусияда азыркы тушта кадимки эле кул, күң күнүн көрүп жүргөндөр миллиондоп саналат:

- Изилдөөчүлөр Орусиянын жеринде беш миллиондон көбүрөөк иммигранттар бар экенин кеп кылышат. Талдай келгенде, алардын баары тең кулга (күңгө – ММ) айлануулары толук шарт бар.
Кеп башындагы окуяга келсек, өзүбектерди бекер иштетип өздөрү пайда таап жүрүшкөн азербайжандарды иликтөө иши башталды. Кылмыш иши ачылып, ал соттун өкүмүнө жетсе анда кылмышкерлерди 4 жылдан 15 жылга чейин кесет дешет.

XS
SM
MD
LG